Испаниянын прокуратурасы Роналдуну салыкты жашырган деп айыптады

Криштиану Роналду Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Испаниянын прокуратурасы "Реал Мадрид" командасынын футболчусу Криштиану Роналдуну кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качкан деп айыптады.

Кеп бул жерде 2011-2014-жылдар аралыгында төлөнбөй калган деп айтылган 14,5 млн евро (16,4 млн доллар) салык тууралуу жүрүп жатат. Прокуратуранын билдирүүсүндө футболчу 2010-жылы жарнамадан түшкөн каражаттарды жашыруу үчүн түзүлгөн «бизнес-структураны» пайдаланган деп айтылат. Айыптоолор Испаниянын салык кызматынын маалыматтарына негизделген.

"Реал Мадрид" футболдук клубу бул айыптоо боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Роналдунун агенти дагы пикир айтуудан карманып жатат. Буга чейин футболчу мындай айыптоолорду четке каккан эле.

Испаниянын прокуратурасынын болжолунда 2011-жылы Роналду 1,4 миллион евро салык төлөгөн эмес, 2012 - 1,7 млн, 2013 - 3,2 млн, 2014 - 8,5 млн евро салык төлөгөн эмес.

Белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2010-жылдын январынан тарта Испаниянын салык төлөөчүсү болгон.

Буга чейин анын салыктан качканы тууралуу айрым басылмалар жазып чыккан эле. Европалык басылмалар, анын ичинде немистердин Spiegel, испандардын El Mundo жана британдык Sunday Times басылмалары Роналду менен Моуриньюну жана бир катар европалык кулбдардагы оюнчуларды салык төлөөдөн качуу үчүн болжолу алар офшордук аймактарга миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу жазышкан.

Басылмалар Моуринью менен Роналду банктык эсептеринен офшордук аймак эсептелген Британиянын Виргин аралдарына акча чыгарып кеткен деп ырасташкан.

Буга жооп кылып футболчунун агенти Исапниянын салык кызматынын копияланган документтерин жарыялап, Роналдунун салыктан эч кандай карызы жок экенин билдирип чыккан.

Forbes эсеби боюнча Роналду дүйнөдөгү эң көп каражат иштеп тапкан спортчулардын сап башында турат. Ѳткөн жылы ал болжолу 93 млн доллар иштеп тапкан.

Роналду Испанияда салык боюнча көйгөйгө туш болгон жалгыз спортчу эмес. Май айынын соңунда Испаниянын Жогорку Соту аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин үстүнөн өткөн жылы июль айында чыккан чечимди күчүндө калтырды. Сот "Барселонанын" футболчусун салыкты жашырган деп айыптап, 21 айга абакка кесүү тууралуу чечим чыгарган эле. (AbA)

Тектеш темалар