Лондондогу көп кабаттуу үйдөгү өрттөн каза тапкандар бар

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Лондондогу көп кабаттуу үйдөгү өрт

Лондондун батышындагы бир нече саат алоолоп күйүп турган көп кабаттуу турак-жайдагы өрт кырсыгынан кеминде алты киши каза таап, ондогондору жаракат алды.

24 кабаттуу Grenfell Tower имаратында болжолу 600 киши болушу мүмкүн эле деп айтылды.

Бизге эмне белгилүү?

  • Лондондун өрт өчүрүү кызматына кырсык тууралуу кабар жергиликтүү убакыт боюнча саат 00.54тө келип түшкөн.
  • Күйүп жаткан Grenfell Tower Түндүк Кенсингтон районундагы Латимер-роуд көчөсүндө жайгашкан.
  • Имараттан 24 кабаттан турат.
  • Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда кырсык учурунда имаратта 600 тургун болгон болушу мүмкүн.
  • 50 киши ооруканага жеткирилди. Алардын кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөнү азырынча белгисиз.
  • Ѳрт өчүрүү кызматы кырсыктан каза тапкандар бар экенин кабарлады. Бирок азырынча канча киши мерт кеткени тууралуу так маалымат жок.
  • Окуяга күбө болгондор имарат күйүп жатканда жардам сурап, терезелерден белги берген кишилерди көрүшкөнүн айтышкан.
  • Ѳрттү өчүрүү үчүн 40ка чукул өрт өчүрүү унаасы жөнөтүлүп, 200 өрт өчүргүч кызматкер тартылды.
  • Экинчи кабатынан баштап, бүтүндөй өрт чулганган имараттын алдына 20га чукул тез жардам унаасы келди.
  • Ѳрттүн себеби аныктала элек.
  • Grenfell Tower 1974-жылы курулуп, анда 200гө чукул батир бар.
  • Имаратта жакында эле ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Лондондун өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Дэни Коттон өрт өчүрүүчүлөр кабар барары менен алты минутада жетип келишкенин айтты. Ал өрттүн масштабын болуп көрбөгөндөй деп атады.

«29 жылдык өрт өчүрүү кызматындагы тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин. Ѳрт өчүрүүчүлөр болгон күчү менен иштеп жатышат. Ѳрт 3-кабаттан 24-кабатка чейин жалмап, абдан масштабдуу кырсык болгон»,-деди Коттон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Күбөлөр көчө тар болгондуктан өрт өчүргүч унаалардын кирип-чыгуусу кыйын болуп жатканын айтып беришти. Окуя болгон жерден Би-би-си кабарчысы билдиргендей көп кабаттуу үй бүтүндөй өрткө чулганып, имараттын кыйрап түшүү коркунучу жаралып турат. Полиция имаратты курчоого алып, чогулгандарды коопсуз жайга жылдырууга аракет кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Полиция кабарлагандай азырга чейин имараттан кишилерди эвакуациялоо уланып жатат. Имараттын ичинде канча киши болгону жана канчасы куткарылганы азырга чейин белгисиз.

Айрым ММКлар турак-үйдө дагы деле жашоочулар кала бергенин, айрымдар кол чырактарын жагып жардам сурап жатышканын жазышты.

Ѳрт тууралуу полицияга кабар жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:16да келип түшкөн. (AbA)