Депортациядан качып колдорун үшүк уруп кеткен мигрантка Канада башпаанек берди

Разак Лайал (солдо) америка-канада чек арасында колун үшүк уруп, манжаларынан айрылды.
Image caption Разак Лайал (солдо) америка-канада чек арасында колун үшүк уруп, манжаларынан айрылды.

Теги ганалык Разак Иял Лайал шериги менен АКШдан депортация болуп кетем деген коркунуч менен жөө жалаңдап качып, жүздөгөн чакырымды басып өтүшкөн. Суукта колдорун үшүк уруп, алардын эки колунун тең манжаларын кесип салышты.

Лайал менен шеригине Канада башпаанек берди.

"Мен кубанычтамын, анткени Ганага кайтып барсам балким өмүрүмдөн айрылышым мүмкүн эле. Азыр болгону манжаларымдан айрылдым, бирок коомдун бир бөлүгү болуп калдым»,-деди Иял качкын макамын алгандан кийин журналисттерге маек берип жатып.

Иял менен анын шериги АКШдан Канаданы көздөй январдын башында качып жөнөшкөн. Алар чек арадагы шаарлардын бирине таксиде келишип, андан кийин кар баскан талаа менен жөө жөнөшкөн.

Алар жөө-жалаңдап Канаданын Манитоба провинциясына жетип, ал жерде аларды оор жүк тарткан унаанын айдоочусу салып алган. Кийин ооруканага жеткирген.

Лайалга өз мекенинде бийлик тарабынан куугунтук болгон деген негизде качкын макамын беришти. Жергиликтүү ММКларга берген маегинде Лайал ганалык бийликтин куугунтукка алганы тууралуу даттанган. Ал өзү АКШда миграциялык чаралар катаалдашып жатканда Ганага депортация кылып жибербейби деген кооптонуу менен качканын билдирген.

Манитобада Лайал менен Мохаммед табылгандан кийин алардын таржымалы ММКларга чыгып кетип, чек арадагы Эмерсон шаары аркылуу дагы жүздөгөн киши качып келген. Июнь айында чек аранын бул участкасынан теги ганалык Мэвис Отутайдын сөөгүн табышкан. Ал АКШда мөөнөтү өтүп кектен виза менен жашап жүрүп, Торонтого качып өтүүгө аракет кылган экен.

Трамп президент болуп шайлангандан кийин АКШнын качкындарга карата саясаты менен Канаданын саясатынын ортосунда карама-каршылык жаралды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо февралда Трамп менен биринчи жолугушуусунда миграция көйгөйү тууралуу талкуулап, жолугушууда ал Трампка акыл үйрөтүү ниети жок экенин билдирген.

АКШ президенти болсо өз саясатын коргоп, миграция боюнча чаралар АКШга «туура эмес» кишилерди өткөрбөө үчүн жасалып жатканын айткан эле. (AbA)

Тектеш темалар