HRW: Орусия чемпионатка даярдык ишинде жумушчулардын укугун бузууда

курулуш Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Human Rights Watch уюму Орусиянын өкмөтүн жана Дүйнөлүк футбол уюмун (ФИФА) футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат өтчү жайларды курууга тартылган жумушчулардын укугу тебеленип жатканына көңүл бурууга чакырып, аны токтотууга үндөдү.

Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдун соңку докладында айлыктары төлөнбөй, келишим түзүлбөй жана эч шарты жок жайларда, аба ырайынын ысык-суугуна карабай курулушта иштеген жумушчулар тууралуу айтылган.

Дүйнөлүк футбол бирикмеси жана Орусия биринчи жолу иштөө шартын көзөмөлдөөчү системаны ойлоп чыккан. Бирок уюмдун айтымында система натыйжасыз иш жүргүзүүдө. Орусия аптанын соңунда Конфедерация кубогун өткөрүүгө даярданууда. Мелдеш ишемби күнү Санкт-Петербург шаарында башталат.

Human Rights Watch уюму футбол боюнча дүйкөлүк чемпионат өтчү алты жайдагы курулушта иштеген жумушчулар менен баарлашып, адам укуктары тебеленип жатканы боюнча маалымат топтогон.

Уюм эч келишими жок иштеген, беш айдан бери айлык төлөнбөгөн жана шарт түзүлбөгөндүктөн өтө кооптуу жайда иш жүргүзгөн кызматкерлер тууралуу далилдерди чогулткан.

Уюмдун докладында бул көрүнүш Орусиядагы курулуш тармагына кеңири жайылган деп айтылат. Бирок учурда Дүйнөлүк чемпионатты өткөрөм деген Орусия дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда.

ФИФА адам укуктарын коргогон уюмдун докладына жооп айтып, мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамга дал келбеген учурлар азайганын билдириген. ФИФАнын айтымында Орусиядагы чемпионат үчүн жүргүзүлгөн курулуштарда ишкерлердин укуктары кеңири тебеленип жатат деп айтуу катачылык болот.

Human Rights Watch уюму болсо ФИФА адам укуктарын биринчи орунга коёбуз деген убадасын аткарбай жатат деп маалымдады. Ошондой эле уюм орус өкмөтүн кемчиликтерди тез арада жоюуга үндөп, мыйзамды бузгандарды жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Тектеш темалар