Гренфел-тауэрдеги өрт: Балдардын жан кейиткен кыйкырыгы

Гренфел-тауэрдеги өрт Сүрөттүн автордук укугу EPA

Лондондун батышындагы Гренфел-тауэрдеги 24 кабаттуу турак үйдө өрт кантип башталганын көргөн күбөлөрдөн көп маалымат келип түшүүдө. Алардын айтымында, өрт адегенде төртүнчү кабаттан башталып, заматта бүт үйдү каптаган. Өздөрү чыгып кете албай, балдарын терезеден ыргыткан адамдар да болду дешет.

Полиция өрт кырсыгынын курмандыктары он эки адамга жеткенин кабарлады. Ошондой эле курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп жатышат.

Гренфелл-тауэрдин жашоочусу Майкл Парамасиван каңырсып күйгөн платсмассанын жытынан ойгонуп, көчөгө чыкканда өрт башталган үйдүн ичинде калган адамдар терезелерди койгулап, кыйкырып, чөнтөк чырактары менен белги берип жатышканын көргөн.

"Мен качандыр бир убакта өрт болгондо өзүңдүн квартираңда болушуң керек дегенди укканым бар", - деди ал..

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Лондондогу көп кабаттуу үйдөгү өрт

Бул үйдүн дагы бир жашоочусу Майки өрт болуп жатканын укканда уктабай отурган экен.

"Мен төшөктө элем, жанымда аялым уктап жаткан, кызыбыз коңшу бөлмөдө уктап жаткан. Мен мына-мына көзүм илинип бараткан. Анан эле пластмассанын жыты келди. Розеткаларды барып текшерип баштадым, баары эле жайында. Кухняга тамеки чегейин деп чыктым эле кулагыма "Күйүп атат, катуу күйүп атат" деген сөз шак дей түштү. Мен ошондо гана туш тарап түтүнгө чулганганын көрдүм. Мен эшикти ачып турсачан турсам, коңшубуз "чыккыла, өрт" деп кыйкырды. Мен ошондо гана баламы, аялымды алып, халатты үстүмө ыргытып, баарыбыз сыртка чуркап чыктык",-деди Майки.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Атын айтпаган бир жаш адам өрт жөнүндө кыйкырып эшикти койгулашканда жакын дос кызынын үйундө экен. "Биз квартирада кала берели дедик, бирок андан кийин өрт сигнализациясы күйүп, биз сыртка чыгууну чечтик. Өрт өчүргүчтөр, кыязы, кранга жете алышпай атты окшойт. Же ал иштебей аттыбы... Ошентип өрт каршыбыздагы квартиранын кухнясында башталып, терезе аркылуу жайыла баштады. Өрт болгондо чыга турган эшик дагы күйүп кеткен окшойт, жогору жактагылар ылдый түшө албай, өрт өчүргүчтөр жогору чыга албай турушту".

Гренфелл-тауэрдин башка жашоочусу Зейнаб дагы өрттөн сактанып чыга турган тепкич жол күйүп жатканын көргөн.

"Чыгып кете турган жол жок эле, анткени тепкич жол күйүп аткан. Менин келиним менен кайын атам ал жакта калышты. Мен чыгарып жиберишти. Чыгып алып мен атам менен байланыша алба калдым. Бул үй сыртынан жакында эле ремонт болгон эле, сыртынан кандайдыр бир пластмасса менен капталган болчу. Өрт ошол жыгач түркүктөргө байланган жаңы каптамадан чыкты. Бардык жашоочулар убагында тынчсызданган болчубуз. Ремонт боюнча бизде жыйналыш болгон, ошондо эле мындай кырсык болушу мүмкүн деп айтканбыз".

Бул райондо жашаган эки кыз Самира менен Тамара көп окурмандардын зээнин кейите турган көрүнүшкө күбө болушканын айтууда.

"Мен иним жана бир топ адам бул үйгө чуркап бардык. Ошондо ага жакын барганга болот эле. Адамдар терезеден балдарын ыргытып "Менин баламы сактап калгыла, баламды сактап калгыла" деп кыйкырып жатышты. Терезеден көрүнгөн адамдар "Жардам, жардам" деп кыйкырышты. Ошондо алардын квартирасынан жалындап от чыгып атканы көрүнүп турду".

"Өрт бат эле дүрт деп каптап кеткени таң каларлык болду. Бир маалда карасак эле баары күйүп атат! Биринчи төртүнчү кабат эле күйүп аткан. Анан эле ушул чоң үйдү заматта каптады. Мен адамдардын өздөрүнүн балкондорунан, терезелеринен секирип түшүп жаткандарын көрдүм. Балдардын кыйкырыктарын угуп аттым",-дейт Самира.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Самира Ламрани журналисттерге бир эркек киши тогузунчу кабаттан бир аял ыргыткан наристени жерге түшүрбөй тосуп алганын көргөнүн айтып берди:

"Терезелер чала-була ачык болчу. Ошол жактан бир аял азыр наристе баланы ыргытам, тосуп алгыла дегендей белги берди. Ошондо бир эркек киши чуркап келип, баланы тосуп алганга үлгүрүп калды".

Гренфелл-тауэрге жакын жерде жашаган Дерри Гловер өрт төртүнчү кабаттан сегизинчи кабатка заматта жетип, андан үйдүн башка бурчтарына жайылганын айтып, "Айнектер атылып, бүт имарат титиреп атканын угуп аттык" дейт. Анын айтымында, сыртта турган адамдардын өрттүн кучагында калган үйдүн ичиндеги адамдар менен телефондон сүйлөшүп жатканын угуу оор болду. "Бир аял акылынан адашып кала жаздады",-деди Гловер.

Тема боюнча башка макалалар