Вашингтондун жанындагы атышуудан конгрессмен жарадар болду

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Конгрессмен Стив Скализ атышуу учурунда санына ок тийип, жарадар болду.

Виржиния штатындагы Александря шаарында конгрессмен-республикачыл Стив Скализ атышуу учурунда ок тийип жаракат алды. Ок аткан адам өзү оор жарадар болуп, ооруканадан жан берди.

Телеканал Fox News сенатора Майк Лиге шилтеме берип билдиргенине караганда, Скализ санына ок тийип жарадар болду. Ошондой эле анын жардамчысы жана эки полиция кызматкери дагы жаракат алды.

Полиция атышуудан беш адам жабыркаганын ырастады. Алардын ичинде ок атышууну баштаган адамдын өзү дагы ооруканага барганда жан берди.

Президент США Дональд Трамп "Твиттерде" Стив Скализдин жарааты өмүргө коркунучтуу эмес деп жазды. "Чыныгы дос жана патриот, Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Стив Скализ оор жаракат алды, бирок толук айыгып кетет. Биздин оюбуз да, дубабыз да аны менен", - деп жазды Трамп.

Кол салган адамдын эмне максаты болгонун полиция айткан жок.

Күбөлөрдүн айтымында, атышуу конгрессмен менен сенаторлор бейсбол боюнча матч башталар алдында машыгуу өткөрүп жатканда башталды.

Окуя болуп жатканда коңшу турган бейсбол аянтында турган конгрессмен-республикачыл Моррис Брукс Си-эн-энге кол салган адам мылтыктан ок атканын билдирди. Ал элүүдөн жүзгө чейин ок чыгарган.

Брукстун айтымында, ок аткан адам ак жүздүү, орто куракта, бою жапалдаш. Сенатор кол салуу кокустан эмес, мурдатан пландалган деп айтууда. (КС)