Түндүк Корея түрмөлөрүндөгү шарт кандай?

Түндүк Корея агитациялык плакатты уурдап кетүүгө аракет кылган деп 15 жылга эркинен ажыраткан америкалык студент Отто-Фридерик Уормбир. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Корея агитациялык плакатты уурдап кетүүгө аракет кылган деп 15 жылга эркинен ажыраткан америкалык студент Отто-Фридерик Уормбир.

Түндүк Корея эркинен ажыратылгандарга катаал мамиле кылат дегенге күмөн жок.

Камакка алынган чет элдик жарандарды көпчүлүк учурда эмгек лагерине кесип жиберишет. Оор жумуш деген бул эми жөн эле сөз эмес. Ал жердеги катуу чаралар кара жумушту андан бетер татаалдаштырып, сырт дүйнө менен байланышсыз калуу, үмүтсүздүк өкүм сүрөт.

Би-би-си ошондой катаал абалда кармалып, кармоо шарттарынан улам психологиялык жактан катуу сынган тутукун тууралуу билет. Көп жылдар артта калса дагы өткөн күндөрдү эскерүү ал үчүн тозокко тете. Ошондуктан ал айтып бергиси келбейт.

Бирок эскерип бере тургандар дагы бар.

2012-жылы декабрь айында Түндүк Кореяга келген миссионер Кеннет Бэй мамлекетке каршы үгүт жүргүзгөн деген айып менен камакка алынган. Ал буга чейин деле КЭДРге бир нече ирет келген экен. Бирок бул ирет аны камакка алышкан. Жанынан христиан дини боюнча дискке көчүрүлгөн материалдар табылган.

Бул "кылмышы" үчүн ал 15 жылга оор жумушка кесилет. Кеннет Бэйдин ден соолугу кескин начарлап кеткенде гана аны бошотушкан. Дал ушундай мамиле америкалык студент Отто Уормбирге колдонулду.

Абактан бошоп чыккандан кийин Кеннет Бэй "Унутулбайт: Түндүк Кореядагы менин камакка алынышымдын чыныгы таржымалы" деген эскерүү китебин жарыкка чыгарган.

Өз эскерүүсүндө абакка түшкөн алгачкы төрт аптада күн сайын эрте мененки саат сегизден кечки саат 10-11ге чейин суракка алышканы тууралуу жазат. Ушундай кысым алдында ал миң барактан турган күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө жазып берген.

Эмгек лагери

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2012-жылы декабрь айында Түндүк Кореяга келген миссионер Кеннет Бэй мамлекетке каршы үгүт жүргүзгөн деген айып менен камакка алынган.

Бэй аптасына алты күн фермада иштеген. Анын күнү таңкы алтыдан башталчу. Эрте менен туруп, сыйынып, тамак жеп, саат сегизден кечки алтыга чейин тынбай жумуш кылган. Жыйынтыгында 735 күндүн ичинде ал өзүнүн 27 кг салмагын жоготкон. Өтө арыктап кеткенден кийин ден соолугу да жакшы болбой, тез-тез дарыгерге жөнөтө башташкан.

Физикалык күч келүүдөн сырткары ал сырт дүйнө менен байланышсыз калып, писхологиялык жаткан катуу жабыр тарткан.

Тергөөчүлөрдүн бири: "Сени эч ким эстебейт. Өкмөтүңдөгү кишилер сени унуткан. Жакынкы жылдарда үйүңө барбайсың. Бул жерде 15 жыл болосуң. Үйүңө кайтып барган учурда сен 60 жашка чыгып каласың",- деп ар дайым эскертип турган эле деп эскерет Бэй.

"Мен өзүмдү жөргөмүштүн желесине түшүп калган чымындай эле сезип кетчүмүн. Улам тыбырчылаган сайын мага андан бетер оор болуп, туңгуюктан башка жолум жок калчу",-дейт Кеннет Бэй.

Анын айтымында, бир ай сурактан кийин ага жакындарынан электрондук кат алып турууга уруксат беришкен. Жанына Библияны алып жүргөнгө да макул болушкан.

Анын катуу ооруп калганы Түндүк Корея бийлиги да тынчсыздандырган. Эгер ал каза таап калчу болсо дипломатиялык жагымсыз кесепеттерге алып келмек да. Ошондуктан аны бошотушкан. Ушундай эле кырдаалга Отто Уормбир туш болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Уормбир 2016-жылы март айында 15 жылга эмгек лагерине кесилген.

Өзүнө көр казуу

Кеннет Бэй АКШ жараны, бирок теги Түштүк Кореядан болгондуктан корей тилин билет. Ал жалгыз киши олтурган камерада кармалганын, ар кандай кылмыш менен түшкөн түндүк кореялыктарга караганда ага анчалык катаал мамиле болбогонун айтат.

Кыязы анын айткандары туура. Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган эл аралык Amnesty International уюму Түндүк Кореянын абак жайларындагы абалды өтө катаал деп сүрөттөйт.

"Түндүк Кореядагы лагерлерде эркинен ажыратылган анын ичинде саясый тутукунда жүргөн жүз миңдеген кишилер, арасында балдар дагы кармалып турат,-деп айтылат уюмдун докладында.-Алардын көбү эч кандай мыйзам бузууга барган эмес. Болгону олуттуу саясый себеп менен эркинен ажыратылгандардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары болгон үчүн кармалышкан".

Уюм космикалык сүрөттөрдү анализдеп көрүп, лагерлердин биринде 20 миң киши кармалып турганын ырастайт. Лагердин аянты Вашингтондон үч эсе чоң жерди ээлеген.

Түндүк кореялык мурдагы чиновниктин айтып бергенине караганда, эркинен ажыратылгандарды өзүнө көр казууга мажбурлашат. Жаза катары зордуктооону колдонушат, алардын курмандыктары жөн эле дайынсыз болуп кеткен учурлар тууралуу айтат.

Кеннет Бэй өзүн уруп-сабаганы тууралуу эч нерсе айтпайт. Анын саламаттыгы катаал режимден улам, кан басымы көтөрүлүп, бөйрөктөрү оорукчан болгон үчүн начарлап кеткен.

Кеннет Бэйдин айтымында, абактагылар Батыштагы жашоо тууралуу кызыгып суроолорду беришкен. Алар турак-жай канча турарын, чыны менен эле көп кишилерде менчик унаа жана турак-жайы барбы деп кызыгышкан.

"Башында оор болду, бирок мен тил билген үчүн алар менен сүйлөшө алат элем,-деп эскерген ал боштондукка чыккандан кийин. -Түндүк Корея жашоочуларына Америкадагы начар жашоо-турмуш тууралуу, ал жерде 99 пайыз калк жакырчылыкта жашайт деп айтып беришет".

"Мен аларга көпчүлүк киишлерде өзүнүн үйү жана унаасы бар деп айтып берсем, алар мындай болушу мүмкүн эмес деп жооп беришти",-деп эскерет Кеннет Бэй.