Гренфелл-тауэрдеги өрт: ондогон кишилер дайынсыз

Гренфелл-тауэрдеги өрт Сүрөттүн автордук укугу Google

Лондондогу Гренфелл-тауэрдеги өрттөн кийин ондогон кишилер дайынсыз болуп жатат. Кабарларга караганда айрымдар үй-бүлөсү менен кайда экени белгисиз болуп жаткан учурлар бар.

Расмий маалыматтарга караганда көп кабаттуу турак үйдөгү өрттүн кесепетинен 12 киши каза тапты. Бирок тилекке каршы мерт болгондор саны дагы өсүшү мүмкүн деди полиция. Ооруканага түшкөндөр саны 70 киши.

Өрт аягына чейин өчүп бүтө элек. Өрт өчүргүчтөр имараттын айрым бөлүктөрүндөгү өрттү өчүрүүнү уланып жатат. Соңку маалыматтарга караганда куткаруучулар акыркы 24-кабатка чейин жетип калышты. Бирок алар имараттын ичин тыкыр текшерип чыкканга али үлгүрө элек.

Өрттөн жапа чеккендерге ММКнын жардамы менен элден миллион фунтка чукул каражат жыйналды. Демилгечилер каражаттар батири күйүп кеткендерге жана жакындарынан айрылгандарга жардам иретинде берилет деп айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Шаршембиде түн ортосунда Гренфелл-тауэрде өрт чыккан. Түндүк Кенсингтон районундагы бул имараттагы өрттү өчүрүү үчүн 40ка чукул өрт өчүрүү унаасы жөнөтүлүп, 200 өрт өчүргүч кызматкер тартылган. Бирок алоолоп жалынга айланган имараттагы өрттү өчүрүү оңой болгон жок.

1978-жылы курулган имарат 24 кабаттан туруп, 200 батир бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда кырсык учурунда имаратта 600 тургун болгон болушу мүмкүн экени айтылды.

Өрттүн себеби аныктала элек. Ар кандай жоромолдор айтылып жатат. Газдын жарылышынан, электр зымдарынын биригип кетиши, батирлердин биринде муздаткыч күйүп кеткен деген жоромолдорду ММКлар жазууда. (AbA)

Тектеш темалар