АКШ F-15 аскер учагын сатуу боюнча Катар менен келишим түздү

Катар АКШдан 36 реактивдүү F-15 аскер учактарын сатып алуу боюнча келишимге жетишти. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Катар АКШдан 36 реактивдүү F-15 аскер учактарын сатып алуу боюнча келишимге жетишти.

Катар АКШдан реактивдүү F-15 аскер учактарын сатып алуу боюнча жалпы баасы 12 млрд долларга бааланган келишимге жетишти.

АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис Вашингтондо өткөн катарлык кесиптеши менен жолугушуусунда келишим боюнча соңку макулдашууларга жетишкен.

Мындан бир нече күн мурун эле президент Дональд Трамп АКШнын негизги союздашы саналып келген Катарды терроризмди каржылайт деп айыптаган болчу. Катардын бийлиги бул айыптоолордун четке каккан.

Июндун башында Жакынкы Чыгышта ири дипломатиялык конфиликт орун алды. Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет баш болгон бир нече өлкө Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн билдирип чыкты. Бул өлкөлөр Катарды террористтик уюмдарга колдоо көрсөтөт деп айыпташкан.

ММКлардагы маалыматка караганда, айыптоолор Катар өз жаранын уурдап кеткен экстремисттик уюмдарга 1 млрд доллар акча төлөп, бошотуп алгандан кийин айтылып жатат.

Катарга бойкот жарыялаган өлкөлөр катарлыктарды өз өлкөсүнөн чыгып кетүүнү талап кылып, чек арасын жана учактар үчүн аба мейкиндиктерин дагы жаап салды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Перс булуңундагы өлкөлөрдү Катарга карата блокадасын жумшартууга чакырып, мындай аракет "Ислам мамлекети» экстремисттик тобу менен күрөшүүгө тоскоол болуп жатканын билдирген.

Бейшембиде Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сауд Арабиясынын жана Бахрейндин королу менен ошондой эле Катардын эмири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мэй аларды чыңалууну күчөтпөстөн сүйлөшүүгө келүүгө көндүрүү аракетин көргөн.

Катарда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чоң аскер аба базасы жайгашып, анда болжолу 10 миң аскер жайгаштырылган. Бул база АКШ баштаган коалициянын "Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна сокку урууда негизги ролду ойнойт.

АКШнын Коргоо министри Катардын бийлигин чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоодо чоң салым кошуп жатат деп мактаган. Бирок ошол эле учурда бул айтылгандар Трамптын билдирүүлөрүнө каршы келип калды.

Майдын соңунда АКШ курал-жарак сатуу боюнча Сауд Арабиясы менен 110 млрд долларлык келишимге жетишкен болчу. (AbA)

Тектеш темалар