Гренфелл-тауэрдеги өрт боюнча коомдук иликтөө жүрөт

Өрттүн кесепетинен соңку маалыматтар боюнча кеминде 17 киши каза тапкан деп айтылып жатат. Ондогон кишилер жаракат алып, бир нече киши дайынсыз болууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өрттүн кесепетинен соңку маалыматтар боюнча кеминде 17 киши каза тапкан деп айтылып жатат. Ондогон кишилер жаракат алып, бир нече киши дайынсыз болууда.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондондун батышындагы көп кабаттуу турак үйдө болгон өрт кырсыгы боюнча масштабдуу иликтөө өткөрүү тапшырмасын берди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Гренфел-тауэрдеги каргашалуу түн

Өрттүн кесепетинен соңку маалыматтар боюнча кеминде 17 киши каза тапкан деп айтылып жатат. Ондогон кишилер жаракат алып, бир нече киши дайынсыз болууда.

Эмне үчүн өрт заматта жабалактап тутанып кеткен деген суроого тургундар жооп алышы керек деди Мэй.

Мэй кырсык болгон жерге барып, куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен жолукту.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мэй кырсык болгон жерге барып, куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен жолукту.

Гренфелл-тауэрдеги көп кабаттуу үйдө болгон өрт кырсыгы 14-июнда түн ортосунда орун алган. 24 кабаттуу турак үй дээрлик бир сутка боюу күйүп, имарат толугу менен өрттөнүп кетти.

Дайынсыз болуп жаткан кишилерди издөө уланып жатат. Арасында бүтүндөй үй бүлө мүчөлөрү жок болуп жаткан учурлар дагы бар.

Күйгөн имараттагы издөө иштери бир нече аптага созулушу мүмкүн деди полиция.

Коомдук иликтөө деген эмне?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 24 кабаттуу турак үй дээрлик бир сутка боюу күйүп, имарат толугу менен өрттөнүп кетти.

Коомдук же ачык иликтөө деген бул - окуянын келип чыгуу себептери жана табылган далилдер ачык көрсөтүлүп, эч кандай жаап-жашырылбай эл алдында ачык иликтенген ыкма.

Мындай ыкма адатта ушундай чукул кырсык болуп, курмандыктар көп катталган учурда колдонулуп жүрөт. Кээ учурда териштирүүлөр теле аркылуу дагы түз көрсөтүлүп турат. Бул соттогудай формада дагы өтүшү мүмкүн. Өрт кырсыгы боюнч иликтөөгө судья да катышат деп айтылды.

Лондондун мэри Садик Хан иликтөө жүрүшүндө турак-жайда ремонт болгонбу жана ал кандай жүргүзүлгөндүгү аныкталышы керек деди. Турак үйгө ремонт жүргүзгөн Rydon компаниясы иликтөө иштерине катыша турганын билдирген.

Лондон полициясынын жетекчиси Стюарт Канди каза тапкандардын саны боюнча алдынала маалымат берүүдөн карманып турушканын айтты. Ошондой эле жакынкы убакытта каза тапкандардын өздүгүн аныктоого мүмкүн эмес деп кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Алгачкылардан болуп өздүгү аныкталган 23 жаштагы сириялык качкын Мохаммед Алхаджали экени белгилүү болду.

Алгачкылардан болуп өздүгү аныкталган 23 жаштагы сириялык качкын Мохаммед Алхаджали экени белгилүү болду. "Сирияга тилектештик билдирүү компаниясы" уюмунун билдирүүсүндө ал инженердик кесиби боюнча окуп жаткан студент эле.

Өрт учурунда 14-кабаттагы батиринде болуп, эки саат боюу Сириядагы досу менен байланышып турган. Ошондой эле үй-бүлөсү менен сүйлөшүп калууга аракет кылган. Ал куткарып алышат деп батиринде күткөн деди аталган уюм.

«Мохаммед өрт ичинде калганга чейин досу менен коштошуп, досуна бул тууралуу үй-бүлөсүнө кабар берип коюшту өтүнгөн",-деп айтылат уюмдун тараткан билдирүүсүндө.

Турак жай саясаты боюнча министр Алок Шарма өкмөт жергиликтүү бийлик менен биргеликте башкалкасыз калгандарды үй менен камсыздоо үчүн аракет жүрүп жатканын айтты.

Өрттүн себеби азырга чейин белгилүү боло элек. Өрт көпчүлүк тургундар үйүндө уктап жаткан учурда түн жарымында болгон. Айрымдары коңшуларынын кыйкырыгынан ойгонушкан. Сырттка качып чыгууга үлгүргөндөр болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өрттөн каза тапкандарды эскерип көптөгөн тургундар үйдүн жанындагы дубалдын бетине көңүл айтууларын калтырып жатышат.

Айрымдар болсо өрт коопсуздугу учурундагы көрсөтүлгөн нускама боюнча батиринен чыкпай жардам күтүп турушкан.

Куткаруучулар 65 кишини, арасында балдарды дагы куткарышкан. Бирок көптөр түтүн менен жалындан сыртка чыга албай калышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өрттөн каза тапкандарды эскерип көптөгөн тургундар үйдүн жанындагы дубалдын бетине көңүл айтууларын калтырып жатышат. Көпчүлүк тургундар болсо коопсуздук стандарттарын камсыз кылып, жарандарды сактап кала алган жок деп бийликке нааразылык билдирүүдө. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар