Европол: Европада камакка алынган жихадчылар саны өсүүдө

Европада жылдан жылга терроризм боюча шектелип кармалгандар саны өсүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Европада жылдан жылга терроризм боюча шектелип кармалгандар саны өсүүдө.

Диний терорризм менен шектелип кармалгандар саны Европада катарынан үч жыл жогору болуп жатат. Бул тууралуу Европа полициясынын маалыматында айтылат.

Европалык полициянын маалыматын караганда 2016-жылы терроризм боюнча шектелип 718 киши камакка алынган. Ал эми 2015-жылы 687, 2014-жылы 395 киши камакка алынган. Ошону менен бирге эле жихаддык кол салуулар саны 2015-2016-жылдарда 17-15 учурга чейин төмөндөгөнү айтылат Европа Биримдигинин терроризмдин абалы боюнча жылдык отчетунда.

Кол салуулардын алты учуру өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Докладда жихаддык кол салууларда аялдар дагы маанилүү роль ойноп жатканы белгиленген.

Ошондой эле аялдар теракт уюштурган учурда алардын жолунда тоскоолдуктар эркектерге караганда азыраак болоору да айтылат. Батыш өлкөлөрүндөгү аялдар тарабынан кол салууну ишке ашырылышы же алдын алынган учурлар болуп калган күндө да бул аракет башка жихадчыларды шыктандырышы мүмкүн деп эскертет Европол.

Докладда радикалдуу ультра оңчул топтордун зомбулук көрсөткөн кол салуулары күчөп жатканы боюнча да айтылган.

Европада 2014-жылдан тарта солчул экстремисттердин кол салуулары өсүп жатканы байкалган. 2016-жылы мындай кол салуулардын 27 учуру катталып, алардын 16сы Италияда орун алган.

Еропа Бримдигине кирген сегиз өлкөнүн аймагында өткөн жылы орун алган жана алдын алынган 142 террордук чабуул катталган. Алардын ичинде жихадчылар даярдаган, ошондой эле улутчулдар, ультра солчулдар жана башка топтор даярдашкан кол салуулар бар деп айтылат отчетто.

ЕБнын коопсуздук маселеси боюнча комиссары Жулиан Кинг бул сандар чалгындоо багыттындагы тыгыз кызматташтыктын зарыл экенинен кабар берет деп билдирүү жасады. (AbA)

Тектеш темалар