Сирияда «ИМ» лидери аль-Багдади болжолу аба соккусунан мерт болду

Абу Бакр аль-Багдади Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Абу Бакр аль-Багдади.

Ѳздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади Сирияда болжолу Орусиянын аба күчтөрү тарабынан урулган соккудан каза тапкан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Коргоо министрлигинин маалыматында аль-Багдади Ракка шаарынан анчейин алыс эмес жерде аба соккудан каза тапкан болушу мүмкүн экени айтылат.

Аба соккусу экстремисттик топтун лидерлеринин жолугушуусу өтүп жаткан имаратка урулган.

Кабарларда айтылгандай «ИМ» тобунун командалык пунктуна сокку 28-майда түн ортосунда урулган. Сокку орусиялык аба күчтөрүнө таандык Су-34 жана Су-35 аскер учактары тарабынан жолдонгон.

Аба соккусунан «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун аскер кеңеши сыяктуу аталып жүргөн курамга кирген жогорку даражадагы командирлер жок кылынганы айтылууда. Ошондой эле ортоңку даражадагы 30га чамалуу талаа командирлери жана жеке күзөтчүлөр болгон 300гө жакын согушкер мерт болгону айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Буга чейин ММКларга «ИМ» лидеринин өлтүрүлгөнү боюнча бир нече ирет маалымат чыгып, бирок такталган эмес. (AbA)

Тектеш темалар