ФРГнын мурдакы канцлери Гельмут Коль дүйнөдөн кайтты

Гельмут Коль Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Германиянын мурдакы канцлери Гельмут Коль 87 жашында дүйнөдөн кайтканын Христиан-демократтар союзу партиясынын расмий твиттери кабарлады.

Мурдакы канцлер Людвигсхафен шаарындагы үйүндө дүйнөдөн кайтты. Эмне себептен каза болгону айтылган жок. Соңку жылдары анын ден-соолугунда проблемалар болуп жаткан эле. 2015-жылы ал ичегисине жасалган опреациядан кийин реанимацияда болуп чыккан эле.

Гельмут Колду "биригүүнүн атасы" деп аташат. Ал 1998-жылга чейин 16 жыл бийликте туруп, 19 кылымдагы Бисмарктан кийинки эле эң узак иштеген канцлер болгон. Анын бийлиги учурунда кансыз согуш аяктап, Германиянын эки бөлүгү бириккен. Ал ошондой эле европалык интеграция процессинде чечүүчү роль ойногон ишмерлердин бири болгон. (КС)