Динаятчы, футболчу, жихадчы: «ИМ» лидери аль-Багдади тууралуу эмне белгилүү?

аль-Багдади Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Белгилүү болгондой аль-Багдади талаа командирлеринин алдына ар дайым беткапчан чыгып сүйлөгөн. Ошонусу менен «көзгө көрүнбөгөн шейх» деген каймана атка ээ болгон.

Ѳздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади Сирияда болжолу Орусиянын аба күчтөрү тарабынан урулган соккудан каза тапкан болушу мүмкүн деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Буга чейин анын каза тапканы тууралуу АКШ дагы кабарлаганы бар. Американын атайын кызматы көп жылдар «көзгө көрүнбөгөн шейхтин» артынан аңдып келген. Бирок кийин соңу анын өлүмү тууралуу кабарлар тастыкталган эмес.

Аль-Багдадинин жашоосу тууралуу белгилүү маалыматтар көп деле эмес. Ибрагим Аввад Ибрагим аль-Бадри (кийин Бакр аль-Багдади деген ысым менен таанылган) 1971-жылы Ирактын Самарра шаарында, орто чарбачыл бүлөөдө туулган. Ал бала кезинен тарта диний окуу менен алектенген.

Уламадан согушкерге чейин

1996-жылы аль-Багдади Багдад университетинин ислам таануу курсун бүтүргөн. 1999-жылы Ирактагы Ислам университети ага магистр даражасын ыйгарат. 2007-жылы ал ушул эле окуу жайдан дин жана философия боюнча докторлук дисертациясын жактаган.

2004-жылга чейин эки аялы жана алты баласы менен Багдаддагы жакыр райондордун бири Тобчиде жашаган. Ал жердеги жергиликтүү мечитте балдарга курандан сабак берген. Жергиликтүү футбол клубдун «жалдызы» катары да белгилүү болгон.

Аспирантурада окуп жүргөн учурунда эле Абу Бакр аль-Багдади өзүнүн авасынын таасири менен радикалдуу «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөсү болгон.

2000-жылы алардын таасири менен жихадды колдой баштайт. 2003-жылы Ираккка америкалык күчтөр киргенде аль-Багдади сунниттик көтөрүлүшчүл кыймылды түзүүгө аралашкан. 2004-жылы февралда ал АКШ аскер күчтөрү тарабынан Фаллуджда камакка алынган. 10 ай Баккадагы америкалык лагерде камакта жаткан. Кийин башка лагерге которулуп, андан соң эркиндикке чыгарылган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жаңы халиф

Ошол учурдан тартып Абу Бакр аль-Багдади ар дайым америкалык атайын кызматтын отчетторунда эң көп издөөгө алынган согушкер катары ысымы атала баштаган. Бирок анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо такыр мүмкүн болгон эмес.

Анын турган орду боюнча тарапташтарынын өтө тар чөйрөсү гана билген.

Белгилүү болгондой ал талаа командирлеринин алдына ар дайым беткапчан чыгып сүйлөгөн. Ошонусу менен «көзгө көрүнбөгөн шейх» деген каймана атка ээ болгон.

Аль-Багдади радикалдуу исламчылардын иерархиясында улам жогору көтөрүлүп баштаган. 2010-жылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун алгачкы негиздөөчүлөрү Абу Айюб аль-Масри жана Абу Омар аль-Багдади каза тапкандан кийин ал өзүн өзү халифат жарыялаган экстремисттик топтун башына келет.

Акыркы жылдарда анын жарадар болгону жана өлтүрүлгөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок 2015-жылы гана анын жарадар болгону тастыкталган. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар