Лондондо мечиттен чыккан кишилерди унаа койдуруп кетти

Коопсуздукту сактоо максатында окуя болгон жерге куралдуу полиция күчтөрү тартылды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Коопсуздукту сактоо максатында окуя болгон жерге куралдуу полиция күчтөрү тартылды.

Лондондун түндүгүндөгү Финсбери-парк районунда мечиттен чыгып келе жаткан кишилерди фургон сүздүрүп кеткен. Полиция окуя болгон жерде бир киши каза тапканын билдирди. Сегиз киши жаракат алып ооруканага түшкөн. Фургондун айдоочусу камакка алынды.

Коопсуздукту сактоо максатында окуя болгон жерге куралдуу полиция күчтөрү тартылды.

Өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэй болуп өткөн окуяны полиция потенциалдуу теракт катары карап жатканын билдирди. Буга байланыштуу өкмөт чукул жыйынга чогулат.

Британиянын Мусулмандар кеңеши өзүнүн "Твиттердеги" расмий баракчасына окуя жергиликтүү мечитте намаз окулгандан кийин болгонун жазды.

Намаздын чыгып келе жаткан кишилерди фургон койдуруп кеткен.

Кеңештин төрагасы Харун Рашид Хан "Твиттер" баракчасына айдоочу атайлап унаа менен сүздүргөн деп жазып, мусулмандар ыйык Рамазан айында окула турган кечки намаздан чыгышкан эле деди.

Ал ошондой эле окуя мечиттин өзүндө эмес, андан бир нече метр алыстыктагы социалдык жардам көрсөткөн мусулман борборунда болгонун ырастады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Окуя болгон жерге тез жардам унаалары келди.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Полиция муну олуттуу окуя деди. Канча киши жаракат алганы азырынча белгисиз. Бир киши камакка алынганы тууралуу маалыматтар бар. Окуя болгон жерге тез жардам унаалары келди. Полиция аймакты курчоого алып, үстүдө тик учак айланып учуп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, полиция күчтөрү биринчи жетип келип, жаракат алгандарга жардам көрсөтүп баштаган.

Финсбери-парктагы окуя Рамазан айынын соңку аптасында орун алып олтурат.

Белгилүү мечит

Финсбери-парктагы бул мечит көп убакыттар экстремисттердин ысымдарына байланыштуу белгилүү болуп турган.

Тагыраагы учакты жардырып жиберүү аракетин көргөн деп айыпталган Ричард Рид ушул мечитте намаз окуп жүргөн. 11-сентябрдагы теракттын аткаруучуларына көмөк көрсөткөн деп шектелген Закариас Муссауи ушул мечитке байланышы болгон. Мечит менен байланыштуу эң белгилүү ысым радикалдуу көз карашты караманган имам Абу Хамза аль-Масри болгон. Ал адам өлтүрүүгө түрткөн жана диний чыдамсыздыгын көрсөткөн деп жети жыл абакта жаткан.

2012-жылы ал АКШга экстрадицияланып, өмүр боюу абак жазасына кесилген. Сот аны терроризмге көмөк көрсөткөн деп айыптаган. Абу Хамзаны "Аль-Каидага" жана бир катар экстремисттик деп табылган уюмдарга көмөк көрсөткөнү үчүн айыпташкан.

Сүрөттүн автордук укугу PA

Мечит 2003-жылы жабылып, 2005-жылы жаңы жетекчилик шайлап, британиянын мусулмандар кеңеши мечиттин кайра иштөөсүнө уруксат берген. Соңку жылдары мечит каалоочулардын баарына ачык болуп келген эле.

3-июнь күнү Лондондун борбордук бөлүгүндөгү көпүрөдө фургон катуу ылдамдык менен келип, тротуарда бараткан кишилерди сүздүргөн. Андан кийин унаадан түшкөн кишилер өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан.

Кол салган үч киши деп полиция тарабынан жок кылынган эле. Бул кол салуудан жети киши мерт болуп, ондогондору жаракат алган. (AbA)

Тектеш темалар