Раккада АКШ аба күчтөрү сириялык учакты атып түшүрдү

Сириялык МиГ-21 жердеги бутасына сокку уруп жатат. Жекшембиде кандай аскер учагы атып түшүрүлгөнү боюнча азырынча маалымат жок. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириялык МиГ-21 жердеги бутасына сокку уруп жатат. Жекшембиде кандай аскер учагы атып түшүрүлгөнү боюнча азырынча маалымат жок.

Сириянын өкмөтү АКШ башында турган коалициялык күчтөр сириялык аба күчтөрүнө таандык аскер учагын атып түшүргөнүн кабарлады.

Маалыматтарга караганда окуя Ракка провинциясындагы Эс-Саура шаарынан анчейин алыс эмес жерде орун алган. Дамаск аскер учагы "Ислам мамлекети" экстремисттик күчтөрүнө каршы согуштук тапшырманы аткарып жаткан эле деп билдирди. Сирия тараптын билдирүүсүндө бул терроризм менен күрөшүүдөгү коркунучтуу кеспеттерден кабар берери айтылган.

Ал эми америкалык аскерлер болсо сириялык учак АКШ колдоп жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн бөлүктөрүнө жакын жерге бомба таштагандан кийин атып түшүрүлгөнүн айтты.

7-апрелде АКШнын Деңиз аба күчтөрү Сириянын "Шайрат" авиа базасына 59 "Томагавк" канаттуу ракетасы менен сокку урган. Жыйынтыгында кеминде Сириянын аба күчтөрүнө таандык сегиз аскер учагы жок кылынган.

"Шайрат" авиабазасынан учуп чыккан сириялык аскер учактары Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун аймагына химиялык чабуул жасаган деп күнөлөнгөн. Химиялык чабуулдан 89 киши, арасында балдардын да каза тапканы айтылган. Сирия муну кескин четке кагып келет. АКШ өз соккусун химиялык чабуулга жооп катары түшүндүргөн эле. (AbA)

Тектеш темалар