БУУ: аргасыз жер которгондор саны рекорддук чекти басып өттү

Аргасыз ата конушун таштап чыгып кеткен сириялыктар саны 12 миллионго чамлайт. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Аргасыз ата конушун таштап чыгып кеткен сириялыктар саны 12 миллионго чамлайт.

БУУнун алдындагы Качкындар боюнча агенттиги 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө башпаанек сураган жана ички жер которууларга кабылгандар саны рекорддук чекте болуп, 65,6 млн кишини түзгөнүн билдирди.

Бул 2015-жылга салыштырганда 300 миңге көп. Өз ата конушун таштап чыгып кетүүгө арагасыз болгондор саны 2014-2015-жылдарга караганда кескин секирик жасап, беш миллионго көбөйдү.

БУУнун Качкындар боюнча комиссары Филиппо Гранди бул өз жерин аргасыз таштап чыгып кеткендер тууралуу маалыматтар эл аралык дипломатиядагы өкүнө турган абалды күбөлөйт деп билдирүү жасады.

«Силер көрүп тургандай, эски конфликтер узакка созулуп, дагы жаңы келишпестиктерди жаратып, кишилерди жер которууга аргасыз кылууда. Аргасыз жер которуу эч качан бүтпөгөн согуштун символу",-деди Гранди.

Тилекке каршы жакыр жана кирешеси аз өлкөлөргө жүк түшүп, качкындардын көп бөлүгүн ошолор кабыл алып жатканы тууралуу да маселе көтөрүлүп жатат.

«Азыраак ресурстары бар Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия өлкөлөрүн мен кантип качкындарды кабыл алгыла деп сурана алам. Эгерде бай өлкөлөр мындан баш тартып жатса",-деди Гранди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption БУУнун маалыматы боюнча быйылкы жылы 95 миңге чукул Түштүк Судан жашоочулары Суданга качып келишкен.

БУУ аргасыз жер которгондор тууралуу соңку маалыматтар өнүккөн өлкөлөрдү качкындарды жөн эле кабыл алып койбой, тынчтыкты орнотуу боюнча иш алып баруу тууралуу ойлонууга мажбур кылат деп үмүттөнүп турат.

Жер которгондор

БУУ 65,6 млн киши өз турак-жайларын таштап чыгып кетүүгө арагасыз болгон дейт. Алардын:

  • 22,5 млн -качкындар
  • 40,4 млн -ички жер которууга кабылгандар (алар үйлөрүн таштап чыгышкан, бирок өз өлкөсүн таштап чыккан эмес)
  • 2,8 млн киши качкын макамын алуу үчүн арыз берген.

Качкындар кайсыл өлкөлөрдөн келүүдө:

  • Сирия - 5,5 млн (дагы 6,3 млн сириялык ички жер которууларга кабылган)
  • Ооганстан - 2,5 млн
  • Түштүк Судан - 1,4 млн

Качкындарды ким кабыл алууда:

  • Түркия - 2,9 млн
  • Пакистан - 1,4 млн
  • Ливан: 1 млн
  • Иран - 979,4 миң
  • Уганда - 940,8 миң
  • Эфиопия - 791,6 миң (AbA)

Тектеш темалар