Лондондогу өрт 79 адамдын өмүрүн жалмады

Гренфел-тауэр Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лондон полициясы 24 кабаттуу Гренфелд тауэрде өрттөн каза болгондордун саны эң кеминде 79 адам болду деп жатат. Бул жерде денеси табылгандар жана табыла электер жөнүндө дагы сөз болууда.

Полиция соңку учурда эле дайынсыз болуп жаткандардын бешөөнүн сөөгүн тапты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Гренфел-тауэрдеги каргашалуу түн

Тергөөчүлөр өрттүн курмандыктарынын саны дагы анча-мынча өзгөрүшү мүмкүн деп жатышат. Алардын айтымында, өрттөнүп кеткен имаратта күйүп кеткен адам денелерин алып чыгуу үчүн дагы бир нече жума керек.

Түндүк Кенсингтон районундагы 24 кабаттуу Гренфел тауэрде өрт шаршембиде түн ортосунда башталган. Бийлик органдарынны маалыматы боюнча, бул үйдө ошол маалда 600дөй адам жашап турган.

Өрттү өчүрүүгө 200 өрт өчүргүч жана 40 өрт өчүргүч машина келип иштеди.

Гренфел тауэрдин имараты 1978-жылы курулган, анда 200 квартира бар. Кырсыктан кутулуп чыккан жашоочулар бул үйдө өрт сигнализациясы иштебей калганын айтышууда. Ошондой эле британиялык көп кабаттуу үйлөрдө өрт өчүрүү системалары коюлбай турганы белгилүү болду.

Өрттүн чыккан себептерин аныкташа элек. Жергиликтүү гезиттер жазган версияларга караганда, электр провод бузулуп же газ жарылып, же муздаткычтын күйүп кеткенинен өрт тутанган болушу мүмкүн. Эксперттердин айтымында, өрттү имараттын сыртына капталган цинк кошулган материал күчөткөн болшу ыктымал.

Тема боюнча башка макалалар