Лондондогу мечит жанындагы кол салуу: негизги маалыматтар

Мечит жанындагы кол салуу Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лондондо түнкү намаздан чыгып келе жаткан адамдарды фургон коюп кеткен окуядан бир адам каза болду, сегизи жарадар.

Эмне болду?

Кол салуу адамдар түнкү намаздан кайтып келаткан убакытта болду.

Адамдардын тобу Северн-систерс роуд көчөсүнө кошулган Вадкоут-стрит көчөсүндө абалы начарлап кеткен карыя кишиге жардам берип жатканда фургон тротуарга качырып кирип барган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Лондон: Мечит жанындагы кол салуу

Экстрендик билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча 00:20 убакытта келип түшкөн. Окуя болгон жерге элүүдөн ашык дарыгер, анын ичинде куткаруучулар, психологдор жана тик учак тез жардамы жөнөгөн. Полиция дароо эле окуя болгон жерди курчоого алган.

Улуу Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд "терроризм" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Натыйжада дароо эле жергиликтүү полицияга жардам иретинде куралдуу офицерлер бөлүнгөн, ал эми иликтөө иши терроризм менен күрөшүү бөлүмүнө тапшырылды.

Жабыр тарткандар кимдер?

Полициянын айтымында, жабыр тарткандардын баары мусулмандар.

Каза болгон адам - кол салуунун алдында чогулгандар жардам көрсөтүп жаткан карыя адам экен. Полиция анын фургон коюп кеткенден каза болгонун же башка себеби барбы, ошону териширип атат. Азыр анын аты атала элек.

Жаракат алган сегиз адам ооруканага жеткирилди, алардын айрымдарынын абалы оор. Жабыркагандардын экөөнө ошол жерде жардам көрсөтүлдү.

Кол салгандар кимдер?

Полиция окуя болгон жерде кармалган 48 жаштагы айдоочуну камакка алды. Ал ооруканадан кийин түрмө камерасына которулат.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салган адам жалгыз эмес, бирок полиция башка шектүүлөр жок деп жатат.

Судмедэксперттер окуя болгон жерде кылмыштын куралы болгон фургон машинасын изилдеп жатышат.

Реакция кандай болуп жатат?

Премьер-министр Тереза Мэй бул кол салууну "жийиркеничтүү теракт" деп атады.

Ушул округдан шайланган депутат, оппозиция лидери Джереми Корбин Твиттерге бул трагедиядан шок болгонун жазды.

Лондондун мэри Садик Хан шаардыктарды тынчтыкты сактап, кыраакы болууга чакырып, өз кезегинде орозо кармаган адамдар көп райондордо полициянын наряддарын бекемдей турганын билдирди:

"Манчестердеги, Вестминстер көпүрөсүндөгү, Лондон көпүрөсүндөгү кол салуулар сыяктуу эле бул кылмыш дагы коомдун айрым бир катмарына каршы багытталган. Бул ошондой эле сабырдуулук, эркиндик жана сыйлашуу сыяктуу биздин жалпы нарктарыбызга да каршы келет."

Улуу Британиянын мусулмандар кеңешинин башчысы Харун хан фургондун адамдарды атайы койдуруп кеткенине өтө нааразы экенин белгиледи. Аталган кеңеш өзүнүн билдирүүсүндө болгон окуяны "исламофобиянын" күчкө таянган көрүнүшү деп белгиледи. (КС)

Тектеш темалар