КЭДРде абакта жатып келген АКШ студенти каза тапты

Отто Уормбир Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Түндүк Кореяда 15 ай абакта жаткан америкалык студент 23 жаштагы Отто Уормбир АКШда каза тапты.

Уормбирди 13-июнда эс-учун билбеген абалда Түндүк Кореядан АКШга алып келип, Огайо штатындагы Цинциннати шаарындагы ооруканага жаткырышкан болчу. Анын каза тапканы тууралуу үй-бүлөсү кабарлады.

АКШ президенти Дональд Трамп Уормбирдин өлүмүнө байланыштуу "түндүк кореялык режимдин катаалдыгын» айыптады.

Уормбир 2015-жылы 25-декабрда Пекинден сапар алган туристтик топтун курамында КЭДРге келген. Уормбир саякатынын соңунда камакка алынып, ал эми өзү менен келген сапарлаштарына оңдой берди болуп, алар Түндүк Кореядан чыгып кетишкен.

Эки айдан кийин америкалык студент тундүк кореялык телеканалдардын алдына чыкты. Аны куралдуу күзөтчүлөр залга алып киришкен. Атайын уюштурулган басма сөз жыйыны учурунда Уормбир мейманканадагы дубалдын бетине илинген саясый плакатты алып салганын моюнуна алган.

Түндүк кореялык бийлик бул сыяктуу чет элдиктердин «моюнга алган кылмыштары» боюнча атайын уюштурулуп, алдынала даярдалган басма сөз жыйындарын көп өткөрөт.

Март айында Пхеньяндын соту Уормбирди айыптуу деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.

Түндүк Кореяда 15 ай жазасын өтөгөндөн кийин Уормбирди бошотушуп, ал өткөн апталарда эле эс-учун билбеген абалда АКШга алып келинген болчу.

Түндүк кореялык бийлик аны боштконун «гумандуулук» катары түшүндүргөн.

Цинциннатидеги медициналык борбордун дарыгерлери текшерүүдөн кийин Оттого күч колдонулган эч кандай белгилерди табышкан эмес. Бирок дарыгерлер түндүк кореялыктардын Отто ботулизм дартына чалдыгып, уйку дары ичип алып, эс-учун жоготкон деп айткандарына да ишенишкен жок. Оттого эмне болгону азырынча белгисиз бойдон калууда. (AbA)