АКШ жана Орусия: Сирия аба мейкиндиги үчүн кармаш болобу?

Пентагон сириялык Су-22 учагы Ракка провинциясындагы Табка шаарынан анчейин алыс эмес жерде F/A-18E "Супер Хорнет" аталган аскер учагы тарабынан атып түшүрүлгөнүн тастыктады. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пентагон сириялык Су-22 учагы Ракка провинциясындагы Табка шаарынан анчейин алыс эмес жерде F/A-18E "Супер Хорнет" аталган аскер учагы тарабынан атып түшүрүлгөнүн тастыктады.

Сириядагы «ИМ» тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШ баштаган эл аралык коалицияга Орусия эскертүү берди. Коалициянын Сириядагы учактарын бутага алынышы керек болгон объект катары карай баштарын да эскертти.

Мындай билдирүү Раккада АКШ аба күчтөрү сириялык учакты атып түшүргөндөн кийин жасалды. Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын Сириядагы аракетин согуштук агрессия деп атады.

Коалициянын өкүлдөрү атып түшүрүлгөн сириялык Су-22 аскер учагы Раккада «ИМ» тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШнын колдоосундагы көтөрүлүшчүл топтордун турумдарына сокку урган деп айтууда.

Сириянын өкмөтү окуя Ракка провинциясындагы Эс-Саура шаарынан анчейин алыс эмес жерде орун алганын тастыктады.

Орусиянын реакциясы

Сириянын негизги өнөктөшү болгон Орусия Сириянын аба мейкиндигиндеги инциденттерди алдын алуу боюнча АКШ менен кызматташуу меморандумун токтото турганын дагы билдирди.

Ак үй болсо Сириядагы союздаштарын коргоого укугу бар экенин айтууда. Бирок Ак үйдүн өкүлү Шон Спайсер Москва менен маалымат алмашып туруу сөзсүз уланышы керек деп айтты.

Сириялык аскер учагы коалиция жана анын колдоосундагы көтөрүлүшчүлөр өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топту Раккада сүрүп чыгаруу аракетин көрүп жаткан учурда атып түшүрүлдү.

Дамаск аскер учагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы согуштук тапшырманы аткарып жаткан эле деп билдирди. Сирия тараптын билдирүүсүндө бул терроризм менен күрөшүүдөгү коркунучтуу кеспеттерден кабар берери айтылган.

Ал эми америкалык аскерлер болсо сириялык учак АКШ колдоп жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн бөлүктөрүнө жакын жерге бомба таштагандан кийин атып түшүрүлгөнүн айтты.

Орусия АКШ тарап Москва менен байланыш түйүнүн колдонуп, сириялык Су-22 учагын атып түшүргөн дегенди четке кагууда. Бирок АКШ штабынын өкүлү генерал Жо Данфорд Пентагон Орусия менен байланыш түйүнүн кайра калыбына келтирүүгө кызыкдар экенин айтып, бул түйүн «соңку бир нече саатта» иштеп турганын кошумчалаган.

Орусия менен АКШ ортосундагы байланыш түйүнү апрелде АКШ химиялык курал колдонду деп сириялык базага сокку ургандан кийин үзүлгөн эле.

Кайра май айында калыбына келтирилген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШ сириялык аскер учагы оппозициялык күчтөргө сокуу урду деп билдирүүдө. Орусия жана Дамаск муну четке кагып жатат.

Анализ

Би-би-синин коопсуздук боюнча баяндамачсы Жонатан Маркус

Орусиянын Коргоо министрлиги кескин жооп узатты. Сириянын көз карандысыздыгына шек келтирди жана эл аралык укуктарды бузду деген АКШга карата көнүмүш айыптоолордон сырткары бул жолу конкретүү кадамга барды. Сириянын аба мейкиндигиндеги америкалык жана орусиялык күчтөрдүн кагылышып кетүүсүн алдын алуу үчүн түзүлгөн байланыш түйүнүн токтот турганын билдирип чыкты.

Андан сырткары орусиялык учактар колдонулган райондордо коалициянын учактары бута катары карала баштаганы дагы өтө кооптуу.

Координациялоо боюнча механизм эрежеге ылайык жакшы иштегенин да белгилеп кетүү керек. Ортодо байланыштын болгону Москва үчүн да Вашингтон үчүн да маанилүү болчу. Буга чейинки Орусия байланышты «токтоткону» тууралуу жарыялаганы жөн эле сөз жүзүндө болгону көрүнүп турат. Бейформал байланыштар токтогон эмес экен.

Бирок мындай алып караганда Сириянын Чыгышы үчүн кармаш курчуп жаткандай. Кыязы Орусия жана анын союздашы Сирия өкмөтү эми аба мейкиндигине сызык чийүүгө ниеттенүүдө.

Окуя боюнча АКШнын жүйөсү

Пентагон сириялык Су-22 учагы Ракка провинциясындагы Табка шаарынан анчейин алыс эмес жерде F/A-18E "Супер Хорнет" аталган аскер учагы тарабынан атып түшүрүлгөнүн тастыктады.

Белгилүү болгондой бул АКШнын Аба күчтөрү тарабынан 1999-жылдагы Косоводогу өнөктүктөн бери биринчи жолу атып түшүрүлгөн аскер учагы.

Сириянын демокаратиялык күчтөрү деген уюмга оппозицияны бириктирген АКШ тарабынан колдооо көрсөтүлүп жаткан көтөрүлүшчүлөр Табка аймагында үстөмдүк кылып келүүдө.

Коалициянын билдирүүсүндө өкмөткө жан тарткан куралдуу түзүмдөр дал ушул Сириянын демокаратиялык күчтөрүнө чабуул койгондон кийин гана коалициянын авиациясы күч колдонууга даяр экенин айтып, ал тургай согуштук аракеттерди токтотуу үчүн Орусия менен да байланыш болгон деп айтылат. Бирок бир нече саат өткөндөн кийин сириялык Су-22 Сириянын демокаратиялык күчтөрүнүн турмударына чабуул жасаган. Коалиция колективдүү коргонуу боюнча принциптерге таянып учакты атып түшүргөнүн билдирген.

АКШнын Аба күчтөрүнүн борбордук командачылыгы өз билдирүүсүндө сириялык учкуч менен байланышуу аракети ийгиликсиз болгонун кошумчалады.

Аба согуштары өткөн доорлордо кала берет

Голливуддук блокбастерлерден аба кармаштары тартылган учурларды көп эле көрүп жүрөбүз. Бирок азыркы учурдагы согуштарда мындай кармаштар өтө эле сейрек болот.

"Абадагы согуштардын мезгили өткөн доорлордо гана калды»,-дейт Королдук институттун коргонуу жана коопсуздук маселеси боюнча эксперти Жастин Бронк.

Эксперттин айтымында, Перс булуңундагы биринчи согуш учурунда АКШ Ирактын авиациясын жок кылып, өзү бир аз гана чыгым тарткан. Азыр эми Америка жана анын союздаштары кол салган режимдер коргонуу үчүн өз аскер учактарын обого көтөрүшү өтө сейрек болот. Анткени алар мунун баары эмне менен бүтөрүн билишет дейт Бронк. (AbA)

Тектеш темалар