Ясуко Ода: Борбор Азияда үч жылдык стратегиябыз бар

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлү Ясуко Ода Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлү Ясуко Ода

БУУнун алдындагы Качкындар боюнча агенттиги 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө башпаанек сураган жана ички жер которууларга кабылгандар саны рекорддук чекте болуп, 65,6 млн кишини түзгөнүн билдирди. Алардын 20 миллиондон ашууну "качкын" статусуна ээ. Ал эми 10 миллионго жакын адамдын жарандыгы жок.

Би-Би-Си БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлү Ясуко Ода айымды маекке тартып, чөлкөмдөгү качкындардын абалы тууралуу сурады.

Ясуко Ода: Соңку жылдары Борбор Азияга аз сандагы качкындар келүүдө. Бул качкындар негизинен кандайдыр бир байланышы бар болгону үчун чөлкөмгө келген. Мисалы алар Борбор Азияда окуган же үй-бүлө, тааныштары бар. Демек алардын чөлкөмдө жардам берчү кишиси болгон.

Борбор Азияда Афганистандан келген качкындар көп. Алардын көбү Тажикстанда жайгашкан - 2,700 качкын. Казакстанда 650, Кыргызстанда 350, Түркмөнстан жана Өзбекстанда 20-30дай качкын бар. Аймактагы качкындардын басымдуу бөлүгү көптөгөн жыл мурун көчүп келишкен. Алардын көбү жергиликтүү коомго жуурулуп, иштеп, балдары мектепке дагы барып калган. Айтылган качкындар жыл сайын документтерин жаңылап турат.

Би-Би-Си: Бул кишилерге "качкын" статусун берүү жараяны кандай?

Ясуко Ода: БУУнун Качкындар боюнча агенттиги аргасыз жер которгондорду түздөн-түз офисинде кабыл алчу. Бирок соңку жылдары ал ишти өкмөткө өткөрүп бердик. Демек башпаанек сураган адамдарды чөлкөмдөгү мамлекеттердин тиешелүү мекемесине жөнөтөбүз. Ал жерде качкындар убактылуу документтерин алып, текшерүүдөн кийин бир жылдын ичинде макамы тууралуу тыянак чыгарылат. Качкындар боюнча агенттиги ар бир мамлекеттин өкмөтү менен тыгыз кызматташып, кеңеш берип турат.

Image caption Ясуко Ода: Борбор Азияда Афганистандан келген качкындар көп

Би-Би-Си: Сиз Борбор Азиядагы качкындардын көбү көптөгөн жылдардан бери чөлкөмдө жашап келет дедиңиз. Алар канча жылдан кийин толук кандуу атуул боло алышат?

Ясуко Ода: Борбор Азия көптөгөн качкындарды кабыл алышкан. Соңку жылдары гана аргасыз аймакка көчүп келгендердин саны азайды. Мисалы 15 жылдын ичинде 100 миңден ашуун качкын чөлкөмгө келген. Бүгүнкү күнү айтылган сан 3-4 миңге түштү. Биринчиден мен Борбор Азиядагы мамлекеттерге ыраазычылык билдиргим келет. Алар качкындарды кабыл алып, баш калкалоочу жай беришкен. Качкындардын көбү чөлкөмдөгү мамлекеттердин атуулу болуп калышты, айрымдары артка өз мамлекетине көчүп кетишти. Демек Борбор Азиядагы мамлекеттер он миңдеген качкындарга көмөк көрсөттү.

Бирок учурда бир нече миң качкындын макамы белгисиз бойдон калууда. Алар өз мамлекетине кайтып бара алышпайт. Менимче бул качкындар чөлкөмдө калып, жергиликтүүлөр менен жуурулуп кетсе жакшы болот. Ал эми так баланча жылдан кийин жарандык берилиши керек деп айтуу оор. Себеби ар бир адамдын абалы эске алынышы керек.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк качкындар күнүндө БУУ келечекте Борбор Азия чөлкөмүндө кандай максат коюп жатат?

Ясуко Ода: Дүйнөлүк качкындар күнү жалпы дүйнөлүк көйгөйгө көңүл бурууда. Бириккен Улуттар Уюму аргасыз жер которгон тургундардын үч маселесине - баш калкалоочу жай түзүп берүү, жаш качкын балдарга билим берүү жана жалпы качкын көйгөйүн жайгарууда мунаса табууга көңүл бурабыз.

Ал эми Борбор Азияда үч жылдык стратегиябыз бар. Биринчиден Борбор Азиядагы макамы белгисиз качкындардын маселесин чечип берүүгө аракеттенебиз. Албетте бул көйгөдү чечүү үчүн өкмөт, коом жана бизнес тармагы менен бирге кызматташуу зарыл. Экинчиден жарандыгы жок адамдардын макамын караштырабыз. Бул жерде жарандыгы жок деген түшүнүктү чечмелеп берүү өтө маанилүү. Үчүнчүдөн күтүүсүз, чукул кырдаал абалга даярдык чараларын көрөбүз. Кандай гана абал болбосун, биз даяр болушубуз керек.

Тектеш темалар