Мосул салгылашуусу: Ирак аскери Эски шаарга чабуул баштады

Мосул "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн акыркы таянычы болгон шаар Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мосул "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн акыркы таянычы болгон шаар

Ирактын армиясы "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн Мосул шаарындагы акыркы таянычы болгон Эски шаарга чабуул баштады.

Маалыматка караганда аскерлер шаардын батыш жагынан, ал эми федералдык полиция түштүк жагынан жиреп кирди.

Соңку кабарларга караганда, Эски шаардагы согушкерлер айыгышкан каршылык көрсөтүүдө. Командирлердин бирөөсүнүн айтымында, жихадчылар районго кире бериштин баарын бөгөп салышкан экен.

Ирактын армиясынын Контртеррористтик күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Маан аль- Саади дүйшөмбүдө "Франс-Пресс" агенттигине ирак аскерлери Фаруз районунда ийгиликтерге жеткенин, бирок каршылык абдан катуу болуп жатканын билдирген.

БУУнун маалыматына караганда Эски шаарда калган элдин саны 100 миңге чейин барат. Согушкерлер аларды тирүү калкан катары пайдаланууда.

Соңку эки аптанын ичинде Мосулдун батыш жагында жайкын тургундардан 230 адам курман болгону айтылууда. Алардын бир тобу аба чабуулдарынан, атышуулардан, башкалары шаардын качып чыгуу учурунда ИМдин снайперлеринин огунан ажал табышты.

Ирак аскерлери карапайым адамдарды ачык жерлерде жүрүүдөн сактанууга жана ар кандай мүмкүнчүлүктү колдонуп согуш зонасынан чыгып кетүүгө чакырган баракчаларды учактар менен ыргытып жатышат.

Өмөттүк аскерлер Мосул шаарын бошотуп алуу операциясын өткөн жылы октябрда башташкан.

Андан бери январда алар шаардын чыгыш тарабынан каратып алганга жетишип, кийинки айда батыш бөлүгүнө чабуул баштады.

Жекшембиде командирлер чабуулдун акыркы баскычын жарыялады. Армиянын маалыматына караганда Мосулда өкөн жылдагы октябрдагы алты миңдин ордуна 300 дөй эле согушкер калды. (КС)