Брюсселдеги бекетте болжолдуу жанкечти өлтүрүлдү

коомдук жайлар полиция гана эмес армия тарабынан да кайтарууга алынат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Брюсселдеги борбордук бекетте аскер күзөтү жанкечтинин куруна окшош буюм менен жүргөн кишини байкап калып ок чыгарышкан.

Оболу анчейин катуу эмес жарылуу болгондон кийин гана шектүүгө ок атылган. Эч ким жабыр тарткан жок. Көп өтпөй Бельгиянын прокуратурасы шектүү мерт болгонун кабарлады.

Ѳлкөнүн Федералдык прокуратурасы бекеттеги окуяны теракт катары каттап, иликтөөгө алууга киришти.

Libre Belgique басылмасы прокуратурага шилтеме берип, аскерлер атып салган шектүүдө рюкзак жана жардыргыч шыкалган кур болгонун жазды. Басылмадагы маалыматка караганда аскер кызматкерлери байкап калган маалда ал жардырууну ишке ашырып жаткан.

Борбордук бекет Брюсселдеги негизги үч темир жол бекетинин бирөөсү. Чет өлкөдөн келген поезддер, анын ичинде Британиядан келген поезддер дал ушул бекетке келип токтойт.

2016-жылы март айында Брюсселдеги аэропорт жана метрого болгон кол салуунун жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ өзүнө алган. Ошондон тарта кишилер көп жүргөн коомдук жайлар полиция гана эмес армия тарабынан да кайтарууга алына баштады.

2015-жылы ноябрда болгон Париждеги терактты дагы «ИМ» экстремисттик тобунун Брюсселдеги ячейкасы ишке ашырган деп айтылып жүрөт. Ал теракттан 130 киши каза тапкан.

"Арабаны жардырды"

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Брюсселдеги борбордук бекетте жүктөрдү иреттеп иштеген Николас ван Херревеген Франс пресс агенттигине шектүү "Аллах акбар" деп кыйкырып, жүк сүйрөгөн арабаны жардырып жибергенин айтып берген.

"Жардыруудан мени дубал коргоп калды. Кесиптештериме баарын бул жерден чыгаруу керек деп айттым. Ал (шектүү) дагы деле ошол жерде болчу. Биз аны кийин көрбөй калдык».

"Жардыруу анчейин деле катуу болгон жок. Бирок анын үнү жакшы эле угулду. Баардыгы качып жөнөдү»,-деп айтып берген ван Херревеген.

Бул окуядан кийин полиция ошол учурда туристтер көп жүргөн Брюсселдеги борбордук аянтты курчоого алды. Ошондой эле борбордук бекет аркылуу өткөн метро түйүнү убактылуу жабылган. (AbA)

Тектеш темалар