Азыркы согуштарда аба кармаштары эмнеге сейрек?

АКШнын Аба күчтөрүнө таандык F-15 аскер учагы. Азырынча мындай үлгүдөгү учактардын бири да аба кармаштарында атып түшүрүлгөн эмес. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын Аба күчтөрүнө таандык F-15 аскер учагы. Азырынча мындай үлгүдөгү учактардын бири да аба кармаштарында атып түшүрүлгөн эмес.

Ракка провинциясынын үстүнөн атып түшүрүлгөн сириялык аскер учагы 1999-жылдан бери америкалыктар тарабынан аба кармашында жок кылынган биринчи учак болуп калды.

Голливуд өз тасмаларында аба кармаштарын чагылдырууну жакшы көргөнү менен азыркы замандагы жаңжалдарда мындай учур өтө сейрек.

XX кылымда каршылаштарынын ондогон аскер учактарын жок кылган учкучтар жогорку даражада эсептелип келген. Азыр эми АКШда каршылашынын беш учагын жок кылган учкуч мындай наамга татыйт. Бирок азыр АКШнын Аба күчтөрүндө мындайлар дээрлик жокко эсе.

Перс булуңундагы согуштун сабактары

АКШнын Аба-деңиз күчтөрүнүн стратегиялык жана бюджеттик баалоо борборунун (CSBA) 2015-жылдагы отчетунда 90-жылдары аба кармаштарында каршылаштарынын 59 учагы жок кылынганы айтылат. Алардын көпчүлүгү Перс булуңундагы биринчи согуш учурунда болгон.

2015-жылы түркиялык аскер учагы Сирия менен чек арага жакын жерде Орусиянын СУ-24 учагын атып түшүргөндө эл аралык дипломатиялык жаңжал чыгып кетейин деди.

"Аба кармаштарынын доору бүтүп баратат,-дейт Королдук институттун иликтөөчүсү Жастин Бронк.- Перс булуңундагы АКШнын Аба-деңиз күчтөрү тарабынан жетишилген өлчөмсүз жеңиштерден кийин АКШ жана анын союздаштарына каршы согушкан режимдер абада каршылык көрсөтүүгө батынбай калышты. Алар мунун арты эмне менен бүтөрүн жакшы билишет».

Перс булуңундагы 1991-жылдагы ал согушта коалициянын аскер учактары менен болгон аба кармаштарында Ирак өзүнүн 33 учагын жоготкон. CSBA маалыматына караганда Ирактын Аба күчтөрү коалициянын бир гана учагын (F-18) атып түшүргөн.

Мунун сабактары көптөгөн өлкөлөрдү АКШ жана анын союздаштары менен абада үстөмдүк талашып, атандашуудан баш тарттырды.

Бронктун айтымында Перс булуңундагы экинчи согуштун жүрүшүндө Саддам Хуссейн бүтүн калган учактарынын көбүн жер астындагы бункерлерде кармап, авиациясын жоготуп албоо үчүн согушка салган эмес.

2011-жылы НАТО күчтөрү полковник Муаммар Каддафиге каршы көтөрүлүштү колдоого алуу үчүн Ливияга киргенде өлкөнүн Аба күчтөрү аба мейкиндигин коргоо үчүн эч кандай чара көргөн эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Америкалык F-18 абада май алмаштырып жатат. Сүрөт 2017-жылы 31-майда тартылган.

АКШнын абадагы үстөмдүгүнүн себеби эмнеде?

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда аба кармаштарынын мүнөзү башка болчу. Каршылаштын учагын бутага алып, аны пулемет же пушка менен атуу керек эле. Ал учурда аскер учактарынын ылдамдыгы да катуу болгон эмес.

Технологиялык жетишкендиктерге карабастан соңку 50 жыл ичинде аба кармаштарынын бул принциптери өзгөрүүсүз калган. Бирок адамдын көзү техникага жол бошоткон мезгил дагы келди.

CSBA маалыматына караганда 1965-1969-жылдары пушка жана пулеметтун жардамы менен 65 пайыз аскер учагы атып түшүрүлсө, 1990-2002-жылдары учкучтардын көзгө атарлык таланты менен аба кармаштарында 5 пайыз гана аскер учактары жок кылынган. Калганы бүт ракета менен атып түшүрүлгөн.

"Азыркы доордогу аба кармаштары дээрлик ракета технологиясына жана ким биринчи бутаны аныктарына көз каранды»,-деп түшүндүрөт Бронк.

Соңку он жылдыктагы атып түшүрүлгөн учактардын көбү адамдын көзү жетпеген алыс аралыкта болгону технологиянын жана илимдин үстөмдүгүн айгинелеп турат.

Америка башка өлкөлөргө салыштырмалуу аскер технологиясына көп чыгым коротот.

Тектеш темалар