Испанияда Моуриньюну салыктан качкан деп айыпташууда

Жозе Моуринью Сүрөттүн автордук укугу AFP

Испаниянын прокуратурасы англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунун учурдагы машыктыруучусу Жозе Моуриньюну "Реалда" иштеп жүргөн учурунда салыктан качкан деп айыптады.

Мекеменин сотко жазган арызында 2011-2012-жылдар аралыгында Моуринью 3,6 млн доллар салык төккөн эмес деп айтылат. Жозе Моуринью бул айтылгандар боюнча пикирин билдире элек.

Прокурорлор Жозе Моуринью «мыйзамсыз жол менен пайда көрүү» максатында жарнамадан түшкөн пайдасын киреше боюнча декларацияга киргизбей койгон деп ырастоодо.

Бир апта мурун испан прокуратурасы "Реал Мадрид" командасынын футболчусу Криштиану Роналдуну кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качкан деп айыптап, сотко кайрылган.

2016-жылдын соңунда бир катар басылмалары Роналду менен Моуриньюну жана бир катар европалык кулбдардагы оюнчуларды салык төлөөдөн качуу үчүн болжолу алар офшордук аймактарга миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу жазышкан.

Май айынын соңунда Испаниянын Жогорку Соту аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин үстүнөн өткөн жылы июль айында чыккан чечимди күчүндө калтырды. Сот "Барселонанын" футболчусун салыкты жашырган деп айыптап, 21 айга абакка кесүү тууралуу чечим чыгарган эле. (AbA)

Тектеш темалар