Саудиянын падышасы жаңы мураскерди тандады

Мухаммед ибн Салман Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мухаммед ибн Салман.

Сауд Арабиясынын падышасы өзүнүн уулу, өлкөнүн Коргоо министри Мухаммед ибн Салманды тактынын жаңы мураскери атап жана премьер-министрдин орун басары кылып дайындады.

Tактынын мурдагы мураскери болгон ханзаада, падышанын агасынын уулу, 57 жаштагы Мухаммед ибн Наиф титулунан ажырап, Ички иштер министри кызматынан бошотулду.

Al Arabiya телеканалы маалымдагандай падыша саудиттерди шаршемби күнү кечинде Меккеде жаңы мураскерге ант берүүгө чакырды.

Ибн Наиф көп жылдар өлкөдө террордук ишмердүүлүккө каршы күрөшүп келген.

Франс Пресс агенттиги чет элдик дипломатка шилтеме берип, соңку учурларда Мухаммед ибн Наиф саясатчы катары алсыз болуп, акырындап таасирин жана бийлигин жоготуп баратканын жазды. Рейтер агенттиги ал жаңы мураскерге ант берди деп белгилейт.

Жаңы мураскер ибн Салман Йемендеги саудиялыктар башында турган коалициянын аскер операцияларын көзөмөлдөйт. Ошондой эле ал Катар менен жаңжалдашып жаткан араб өлкөлөрүндөгү негизги фигуралардын бири эсептелет.

"Йемендеги ойлонулбаган жана жыйынтыгы жок согуштан улам жана Иран менен чыңалууну бошоңдотуу боюнча стратегиядан улам аны коркунучтуу киши деп эсептешет»,-деп мындан бир жыл мурунку интервьюсунда саясат таануучу Александр дель Валдын белгилегени бар.

Ошондо эле эксперттер ибн Салманды Сауд Арабиясындагы эң таасирдүү адам катары көрсөтүшкөн. (AbA)

Тектеш темалар