Коалиция Сирияда ирандык үлгүдөгү дронду атып түшүрдү

Америкалык аскерлер дрон «душмандык ниетин билдирип, коалициялык күчтөргө жакындап келгенде» атып түшүрүлдү деп билдирүү жасады. (Сүрөт архивден) Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Америкалык аскерлер дрон «душмандык ниетин билдирип, коалициялык күчтөргө жакындап келгенде» атып түшүрүлдү деп билдирүү жасады. (Сүрөт архивден)

АКШ башында турган антитеррордук коалиция Сирияда куралдуу дронду атып түшүргөн. Аскерлер бул дрон сириялык өкмөттүк күчтөргө таандык болгонун кабарлады.

Shahed 129 үлгүсүндөгү дрон F-15 аскер учагы менен атып түшүрүлгөн.

Америкалык аскерлер дрон «душмандык ниетин билдирип, коалициялык күчтөргө жакындап келгенде» атып түшүрүлдү деп билдирүү жасады.

Shahed 129 дрону Иранда чыгарылып, анын биринчи үлгүсү Ирандын Революция сакчыларынын корпусу тарабынан 2013-жылы көрсөтүлгөн.

Бул окуя ат-Танф шаарынан анчейин алыс эмес жерде орун алды. Ал жерде сириялык көтөрүлүшчүлөрдү машыктырып жаткан АКШнын инструкторлору жайгашкан экен. Ушуга окшош эле окуя 8-июнда катталган. Ага чейин 18-майда коалиция ат-Танфу багытын көздөй келе жаткан Асадды колдогон ыктыярчыларга сокку урган.

АШК башында турган коалиция сириялык режимдин учуучу апараттары алардын турумдарына жакын келип, коркутканына жол бербей турганын билдирүүдө.

Бул аптада Раккада сириялык аскер учагы атып түшүрүлгөндөн кийин Орусия мындан ары АКШ менен Сириянын аба мейкиндигинде кызматташпай турганын жарыялады. Ошондой эле эл аралык коалициянын Сириядагы учактарын бутага алынышы керек болгон объект катары карай баштарын да эскертти.

Буга жооп кылып АКШ тарап Орусия менен байланыштарды калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштей турганын айтып, бирок Сириядагы өз кызыкчылыктарын коргоо укугунан баш тарпай турганын айтты. (AbA)

Тектеш темалар