Times Higher Education окуу жайлардын рейтингин жарыялады

жогорку окуу жай Сүрөттүн автордук укугу UNIVERSIDAD DE HARVARD

Times Higher Education басылмасынын жыл сайын чыгып келе жаткан жогорку окуу жайлар боюнча 2017-жылга карата рейтинги жарыяланды. Иликтөөчүлөр 79 өлкөдөгү жогорку окуу жайларын талдоого алып тизме түзүшкөн.

Тизмеге кирген окуу жайларында илимий изилдөө иштеринин абалы, билим берүү ыкмалары, инновациянын жана билимдин деңгээли боюнча тандалган. Ошондой эле материалдык базасынын сапаты, каржылык көрсөткүчтөрү дагы эске алынган экен.

Европанын эң мыкты беш окуу жайынын төртөө британдык университеттер. Рейтингдин сап башында Оксфорд университети, андан кийин Кембридж жана Лондондун империялык колледжи.

Төртүнчү орунда Швейцариялык жогорку техникалык мектеби. Бешинчиде болсо Лондондун университеттик колледж жайгашкан.

Ал эми дүйнөдөгү окуу жайлардын рейтингинде биринчи орунда Оксфорд университети, андан кийин АКШнын Калифорния технологиялык институту, андан ары тизмени Стэнфорд, Гарвард университеттери улантат.

Мунун алдында эле дүйнөнүн мыкты окуу жайлары боюнча өз рейтингин британдык Quacquarelli Symonds компаниясы жарыялаган болчу. Анда алдыңкы орунга америкалык жана британдык окуу жайлар чыккан. Айталы, рейтингде биринчи Массачусет технологиялык институту аталган. АКШнын Стэнфорд университети экинчи, Гарвард университети үчүнчү болгон эле.

Тектеш темалар