Социалдык прогресс индекси 2017: Дүйнө каякка баратат?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Азчылыктарга карата дискриминациялык аракеттер дүйнөдөгү социалдык прогрессти артка тартып жатканы эл аралык уюмдун отчетунда айтылат.

Америкалык уюм ушул жумада жарыялаган социалдык прогресстин жылдык индексинде дүйнөдөгү 128 мамлекетти камтыган изилдөө жүргүзүлүп, глобалдык тенденциялар аныкталган.

Социалдык прогресс эң жогорку болгон өлкөлөрдүн тизмесинде эң алдыңкы орундарды Дания, Финляндия, Исландия ээледи. Улуу Британия 12-орунда, Германия 13-орунда.

Социалдык прогресс деңгээли жогору болгон экинчи топтогу өлкөлөрдүн алдыңкы сабында Бельгия, Испания, Япония бар.

Социалдык прогресс орточо жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн тизмесинин башында Маврикий, Панама, Болгария турат. Бул топтогу Россия 67 орунга чыкты.

Кыргызстан социалдык прогресс деңгээли орточо төмөн болгон өлкөлөрдүн катарына кирип, жалпы тизмеде 76 орунду ээледи. Казакстандан (74) артта, бирок Азербайжан менен бирдей (76), ал эми Өзбекстан (85) жана Тажикстандан (92) алдыда.

2014-жылдын индексинде Кыргызстан 132 өлкөнүн тизмесинде 93-орунда болчу.

Дискриминация социалдык прогрессти артка тартууда

2017-жылы социалдык айрым бир оң тенденцияларга карабастан, көп өлкөлөрдө жарандардын укуктарын басмырлоо күчөгөн, ошол себептүү бүт дүйнөдө жалпы прогресстин темпи басаңдаган.

Гарвард бизнес мектебиндеги алдыңкы окумуштуулар түзгөн индексте инсандык укуктардын ичинде эркин ой-пикир айтуу, жыйындарды эркин өткөрүү, жеке менчикке ээ болуу менен катар саясий укуктар дагы каралган.

Изилдөө соңку үч жылда дээрлик кырк өлкөдө инсандык укуктардын корголушу начарлап кеткенин көрсөттү.

Он төрт өлкөдө адам укуктары жаатында кырдаалдын начарлашы тез жана олуттуу болду, бул тизмеге Таиланд, Түркия, Тажикистан, Венгрия, Лесото жана Бурунди кирген.

Адам укуктары бузулуп жаткан башка өлкөлөрдүн катарында Ливия, Йемен, Россия, Сальвадор, Азербайджан, Никарагуа жана Ангола бар.

Бул жагынан он сегиз өлкөдө гана көрсөткүчтөрдүн жакшырганы байкалат -алдыңкы сапта Тунис, Мадагаскар, Шри-Ланка, Гвинея-Бисау жана Куба турат.

СПИ ошондой эле сабырдуулуктун деңгээлине талдоо жүргүзгөн. Изилдөөгө караганда глобалдык картина жаман жагына өзгөрүүдө, өзгөчө бир катар европалык өлкөлөрдө.

Соңку эки жылда эле Дания, Испания, Франция, Хорватия, Греция, Литва, Македония жана Россияда төмөндөгөн тренддин белгилери көрүнө баштады.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө иммигранттарга, гомосексуалисттерге жана диний күчтөргө кастык мамиле күчөп атканы айтылат.

44 мамлекетте азчылыктарга коомдук мамиле жаман жагына өзгөрүүдө. Бул тизмеде Латвия, Словакия, Мозамбик, Борбордук Африка Республикасы, Сальвадор, Венгрия, Камерун, Украина жана АКШ бар.

-Кээ бир жыйынтыктар кооптондурбай койбойт,-дейт Social Progress Imperative уюмунун башкы директору Майкл Грин.-Алар биздин артка кетип жатканыбызды көрсөтүп турат. Бул биз күтпөгөн өлкөлөрдө болуп жатканын айта кетиш керек".

Ал Кошмо Штаттарды мисалга келтирип, бул өлкөдө прогресс буйдалып калганын белгилейт.

«Маалыматтардан ачык көрүнүп турат, соңку үч жылда өлкөдө социалдык өзгөрүүлөрдүн көз карашынан алганда кырдаал эффективдүү болгон жок, толеранттуулук жана интеграция айрым деңгээлде кыскарды», - деди Грин Би-би-сиге.

Баары эле жаман эмес

СПИ кээ бир жакшы тенденцияларды да аныктаган. Биринчиден, көп тоскоолдуктарга жана төмөндөөлөргө карабастан, жалпы дүйнөлүк деңгээлде караганда прогресс болуп жатат.

Интернет керектөөчүлөрдүн саны 2014-жылга караганда 2017-жылы сегиз пайызга көбөйүп, жалпы калктын 43% түзүп калды

Уюк телефонду пайдалануу дагы кеңири кулач жайып, адамдардын 95% уюк телефон зонасында жашап жатат.

Дагы бир жакшы көрсөткүч - жогорку билим алуунун жеткиликтүү болуп баратканында. Индекс жалпы дүйнөдө университеттердин саны өскөнүн көрсөтөт, 2014-жылы дүйнөлүк деңгээлдеги университет 75 мамлекетте болсо, азыр бул көрсөткүч 89 мамлекетти түзөт.

Индекс кантип түзүлөт?

Гарвард бизнес-мектеби дүйнөнүн социалдык прогресс боюнча индексин Нобел сыйлыгынын лауреаты, экономист Дозеф Стиглиц түзүп кеткен принциптер боюнча карайт.

СПИ экономикалык көрсөткүчтөрдүн эмес (ИДП, жан башына кирешенин көлөмү), социалдык жана экологиялык кырдаалдын негизинде түзүлөт.

Тигил же бул өлкөнүн социалдык прогресс жаатындагы ийгиликтери элүүдөн ашык көрсөткүчтөр боюнча бааланат. Алар негизги үч топко бөлүнөт.

Адамдын негизги керектөөлөрү: тамак-аш, медициналык тейлөө, турак-жай менен камсыз болуу, таза суу, электр жана санитардык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, жеке коопсуздуктун деңгээли.

Адамдын бакубат жашоосунун негиздери: базалык билимге ээ болуу, элдин сабаттуулук деңгээли, маалыматка жана коммуникация каражаттарына жетүү, саламаттык сактоо, экологиялык тазалык.

Адамдын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү: жеке жана жарандык эркиндиктердин деңгээли, чечим кабыл алууга берилген укуктар жана мүмкүнчүлүктөр, өз потенциалыңды пайдалануу.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар