«ИМ» согушкерлери Мосулдагы тарыхый мечитти жардырды

Бийиктен алынган сүрөттөр мечиттин канчалык талкаланганын көрсөтүп турат. Сүрөттүн автордук укугу IRAQI JOINT OPERATION COMMAND
Image caption Бийиктен алынган сүрөттөр мечиттин канчалык талкаланганын көрсөтүп турат.

Ирактын аскер күчтөрү өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ Мосул шаарындагы тарыхый ан-Нури мечитин жардырганы тууралуу кабарлады.

Тогуз айдан бери кармаш уланып жаткан Мосул курчоодо турат. Кабарларга караганда мечит мунаралары менен чогуу жардырылган. Үч жыл мурун дал ушул мечитте «ИМ» лидери Абу Бакр аль-Багдади "халифат" жарыялаган болчу.

«ИМ» экстремисттик тобу өздөрүнүн Амак маалымат агенттиги аркылуу ан-Нури мечити АКШнын аба күчтөрү тарабынан талкаланганын билдирди.

Ирактын пемьер-министри Хайдер аль-Абади мечиттин жардырылышын «ИМ» тобунун «жеңилгенин расмий моюнга алганы» деп айтты.

Бийиктен алынган сүрөттөр мечиттин канчалык талкаланганын көрсөтүп турат.

Америкалык аскер командачылыгынын өкүлү «ИМ» тобу «Мосул менен Ирактын баа жеткис кенчин талкалады» деп билдирүү жасады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мечит «бүкүрөйгөн» мунарасы менен белгилүү болчу.

Мечиттин курулушу XII кылымга таандык. Курулуш иштери 1172-жылдары башталган. Ал Тигр дарыясынын оң жээгинде орун алган эле. Ан-Нури сунниттердин негизиги мечити эсептелип келген. Мечит «бүкүрөйгөн» мунарасы менен белгилүү болчу.

Ирактын армиясы Мосулдун эски шаар бөлүгүнө чабуул жасап жатат. Тогуз айга созулган тынымсыз ок атышууларга карабастан бул аймакты жихадчылар көзөмөлүнөн чыгарбай келүүдө.

БУУнун маалыматына караганда Мосулда болжолу 100 миңдей киши бар. Алар суу, азык-түлүк жана медициналык каражаттар жетишпеген шартта жашап жатышат.

Чабуулдар кайра жанданар алдында тургундарга мүмкүнчүлүк болсо Мосулду таштап чыгып кетүүгө кеңеш берилген.

Соңку эки аптада БУУнун эсеби боюнча Мосулдун батыш бөлүгүндө 230 жайкын тургун мерт кетти. Айрымдары аба чабуулдарына жана ок атууга кабылса, кээси шаардан чыгып кетүү аракетин көргөн учурда «ИМ» тобунун көзгө атарларынын огуна тепчилген.

Ирак күчтөрүнүн Мосулду бошотуу операциясы тогузунчу айга созулуп баратат. Операцияны АКШ колдоого алып жатат. «ИМ» согушкерлери шаарды 2014-жылдын жай айынан бери кармап турушат.

Ѳткөн аптада Орусиянын Коргоо министрлиги өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади Сирияда болжолу Орусиянын аба күчтөрү тарабынан урулган соккудан каза тапкан болушу мүмкүн экенин билдирген. Бул маалыматтын текшерилип жатканы да кошумчаланган эле. Азырынча тастыктала элек. (AbA)

Тектеш темалар