Саудиялык тактынын мураскери тууралуу кызыктуу фактылар: бир эле аялы бар

29 жашында Мухаммед өлкөдөгү эң жаш Коргоо министри болгон. Сүрөттүн автордук укугу Ronald Grant
Image caption 29 жашында Мухаммед өлкөдөгү эң жаш Коргоо министри болгон.

Атасы тактыга олтургандан бери ханзаада Мухаммед ибн Салмандын ташы өйдө кулап, эми тактыга бир эле кадам калды. Анын барган сайын бийлиги жогорулап, атаандаштары болсо экинчи планга сүрүлдү.

Жаңы эле мураскер катары тандалган Салман атасы тактыга отура электе эле аны менен абдан ынак болгон. 2009-жылы ханзаада Мухаммед атасы Эр-Риядда губернатор болуп турганда анын кеңешчиси кызматына дайындалат.

Анын саясый карьерасындагы эң чоң секирик 2015-жылы апрелде болду. Анда саудиянын монархы картайып калган тактын мураскеринин ордуна жашыраак ханзааданы дайындаган. Падышанын бир тууганы Мукрин ибн Абдул-Азиздин ордуна жакын тууганы Мухаммед ибн Наиф тактынын мураскери болгон.

Ал эми анын орун басары, экинчи мураскер катары Салман дайындалган. Эми болсо Мохаммед ибн Салман негизги мураскер аталып, Наифдин ордун алмаштырды.

Жаңы мураскер ошондой эле өлкөнүн премьер-министринин орун басары болуп дайындалды жана Коргоо министри кызматын дагы аркалай берет.

Коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурат

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө ханзаада Мухаммед менен жолугушууда.

Салман ибн Абдул-Азиз 2015-жылы январда падыша болуп тактыга отургандан кийин уулунун өлкөнүн башкаруу бийлигине баруу позициясын чыңдоону кечеңдеткен жок. 29 жашында Мухаммед өлкөдөгү эң жаш Коргоо министри болгон.

Мындан эки ай өткөндөн кийин Сауд Арабиясы коалицияны чогулутуп, Йеменде согуштук аракеттерин баштады.

Деген менен коалиция өз максатына жеткен жок. Алардын Йемендин куулуп чыккан президенти Абд-Раббу Мансуру Хадини кайра кызматка алып барып, баш калаа Сананы хусит козголоңчуларынан бошотуу аракети ишке ашпай келүүдө.

Экономиканы мунайга болгон көз карандылыктан арылткысы келет

2016-жылы апрелде таасирдүү ханзаада экономикалык реформалар боюнча өзүнүн амбициялуу концепциясын сунуштаган. Ханзаада Экономика жана өнүгүү боюнча кеңештин жетекчиси дагы эсептелет. Ал сунуштаган концепцияда өлкөнүн мунай кирешелерине болгон көз карандылыктан арылтуу тууралуу багыттар камтылган.

Анын айтымында «Көрөгөчтүк -2030» планын ишке ашыруу менен өлкө 2020-жылга чейин «мунайсыз эле» жашап кете алат. Эл аралык валюта кору бул планды амбициялуу атап, аны ишке ашыруу кыйын болорун белгилеген.

Иран менен мамилени өзгөрткүсү келбейт

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ѳткөн айда ханзаада Мухаммед Сауд Арабиясы менен анын атаандашы Ирандын ортосунда кандайдыр бир диалог болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган.

Бул өлкөлөр кыйыр түрдө эки жаңжалда - Сирия жана Йемендеги конфликтерде карам-каршы тарапта туруп жатышат.

Эр-Рияд менен Тегерандын мамилеси саудиялык бийлик шийит динаятчысы Нимр ан-Нимрди өлүм жазасына тарткандан кийин андан бетер начарлап кетти.

Үй бүлөөдө камкор ата

Мухаммед ибн Салман 1985-жылы 31-августта туулган. Ал падышанын үчүнчү аялынан төрөлгөн. Саудиялык көпчүлүк ханзаадалардан айрымаланып, ал билимди Сауд Арабиясынан алган.

Анын бир эле аялы бар жана андан эки уул, эки кыздуу болгон. (AbA)

Тектеш темалар