Ракка: согуштун очогунан репортаж

«Сириянын демократиялык күчтөрү», күрд бөлүктөрү жана араб оппозициялык топтору шаарды толук бошотуу үчүн чабуулга өттү. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ѳздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун согушкерлери «Сириядагы борбору» эсептелген Ракканы коргоп калуу үчүн өлөрмандык менен кармашууда.

АКШ колдоого алып жаткан «Сириянын демократиялык күчтөрү», күрд бөлүктөрү жана араб оппозициялык топтору шаарды толук бошотуу үчүн чабуулга өттү.

Би-би-си кабарчысы Гэбриэл Гейтхаус шаардын согуш жүрүп жаткан аймактарына биринчилерден болуп жетип барган журналисттердин катарында болду.

Бул узаак жана татаал жол эле. Ракканын чет жакасынан шаардык борбордук бөлүгүн көздөй кетип бараткандагы америкалык аба чабуулдардан кийинки талкаланган имараттар катуу кармаштарды күбөлөндүрүп турат.

Алдыбыздан ак желектерди илип алып, кишилерге шыкалган жана буюм-тайымдар жүктөлгөн арабалар чыгып жатты. Бул бүлөөлөрдүн көбү Сириянын башка аймактарындагы согуштан качып ушул жерге келишкен экен. Эми кайрадан согуштун очогуна кабылышты. Башкалары соңку жылдары жашап өткөн азаптан эртерек кутулуу үчүн шаардан чыгып баратышат.

"Алар бизди жырткычтык менен өлтүрүштү,-дейт жергиликтүү тургундардын бири.-Алар бизди динсиздер дешти. Биз болсо төрөлгөндөн тарта мусулманбыз, намаз окуп, орозо кармайбыз».

Раккада он миңдеген жайкын тургундар кала берүүдө. Алар режимдин барымтасында калып, качууга ниеттенгендерин ажал тооруган.

"Аллах «Ислам мамлекетинин» жазасын берсин деп сыйынабыз,-дейт колуна наристесин көтөргөн аял. -Биздин башыбыздан өткөндөрдүн баары алардын абийиринде».

Июндун башында «Сириянын демократиялык күчтөрү» кыймылынын бөлүктөрү Ракканын чет жакасына чейин жеткен. Чабуулдун ийгилигин америкалык аба чабуулдары жана артиллериянын колдоосу ишке ашырып берди.

Артиллериялык ок атуу уланып жатат. Кез-кезде снаряддардын жарылган үндөрү угулат. Андан кийин шаардын борбордук бөлүгүнөн асманга чаң аралашкан түтүн көтөрүлүп жатты.

«Сириянын демократиялык күчтөрү» эски шаардын чет жакасына жете келгенден кийин алардын алга жылуусу бир аз жайлап калды. Бул тар көчөлөрдө «ИМ» согушкерлери жайгашып алган. Аларды үч тарабынан курчоого алып, абадан дагы сокку уруп жатышат. Бирок алар каршылык көрсөтүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» бөлүктөрү Ракканын борборуна жакындаган сайын айгышкан каршылыктарга кабылууда.

Биз борборго жакын келдик. Биздин үстүбүздөн чыккан добуштан улам үстүбүздө «ИМ» тобунун дрону бар экенин аңдадык. Жакынкы аралыктан башкарыла турган кичинекей тик учак кайсыл учурда болбосун бизге граната ыргытышы мүмкүн эле.

Имараттын жогорку кабатынан эски шаар даана көрүнөт экен. «ИМ» тобунун согушкерлери күтүүсүз жерден ок атууга кабылып калды. Кимдир бирөө: "Снайпер, снайпер!" деп кыйкырып жатат.

Image caption Далила медицина багытындагы окуусун таштап салып, көзгө атар болуп кеткен.

Ок өтпөс кемсел кийген аял бетин ылдый каратып жерге жатып алып, өзүнүн көзгө атар мылтыгын октоп, каршы тарапты көздөй атууда. Күрд ыктыярчыларынын арасында аялдар менен эркектер ийиндешип согушуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Көзгө атардын аты Далила экен. Ал 22 жашта жана медайым болуу үчүн окуп жүргөн. Бирок ал фронттун тилкесинде жүрүп, кесибин алмаштырган.

"Бутага дал тийип, душманды өлтүргөндө менин көңүлүм ачык болот»,-деп күлөт Далила.

"Бул биздин аң-сезимди бекмедеп, бизге кубат берет. Анткени биз досторубузду жана өзүбүздүн элди коргоп жатабыз»,-деп кошумчалады ал.

Алдыңкы катардан кайткан жоокерлер түнү боюу жүргөн ырайымсыз согушту сүрөттөп берүүдө. Жихадчылар жер алдындагы өтмөктөрдү пайдаланып, чабуул коюп бараткандардын тылына өтүп, сокку уруп жатат.

"Алар бизди курчап алып, туш тараптан аткылашты,-дейт араб жоокери. -Алар биздин бир жоокерди барымтага алышты. Биз аны куткарып кала алган жокпуз».

Дрондор, өтмөктөр, жанкечтилер, көзгө атарлар - согуштук абалда дагы «ИМ» тобунун негизги куралы коркунуч болууда.

Ракка үчүн согуш оор болуп, узакка созулчудай. Эгерде «ИМ» тобу өзүнүн борборунан ажыраса, анда бул "халифаттын" кыйраганына кабар бермекчи.

Бирок андан кийин эмене болот? Алар менен бирге «ИМ» тобунун идеологиясы да кошо жок болобу? Болжолу андай эмес. Ракка үчүн кармаштын соңу сириялык согуштун жана зомбулуктун бүтүшү болбой да калышы мүмкүн. Бул согуш бүтүндөй дүйнө жүзүнө тарады. (AbA)

Тектеш темалар