Түштүк Кореяда экс-президенттин курбусу үч жылга соттолду

Чхве Сун Силь өзүнүн кызы Чон Ю Раны окууга өткөрүүдө Пак Кын Хенин байланыштарын пайдаланганы үчүн күнөлүү деп табылды. Анын кызы дагы Даниядан экстрадицияланып, эми сот алдында жооп берет. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Чхве Сун Силь өзүнүн кызы Чон Ю Раны окууга өткөрүүдө Пак Кын Хенин байланыштарын пайдаланганы үчүн күнөлүү деп табылды. Анын кызы дагы Даниядан экстрадицияланып, эми сот алдында жооп берет.

Түштүк Кореянын соту өлкөнүн мурдагы президентинин жакын курбусу жана кеңешчиси, коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган Чхве Сун Силди үч жылга эркинен ажыратты. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылды.

Ал башка айыптоолор боюнча дагы сот алдында жооп бериши керек.

Коррупциялык жаңжал президент Пак Кын Хенин импичментине алып келип, ага дагы коррупция боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Прокурорлор Чхве Сун Силди өзүнүн кызын окууга өткөрүү үчүн Пак Кын Хенин байланыштарын пайдаланган деп, жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле тергөө маалыматына караганда, ал кызы кылбаган эмгеги үчүн жана өтпөй калган экзамендерин бүтүрүү максатында окуу жайдын жетекчилигине кысым көрсөткөн деп айыпталууда.

Чхве Сун Силь ошондой эле экс-президент Пак Кын Хенин калкалоосу менен ири компаниялардан пара алган деп айыпталып жатат. Бул боюнча соттук териштирүү бүтө элек.

Пак Кын Хе менен курбусу Чхве Сун Силдин тегерегиндеги жаңжал журналисттер мейманкананын жанындагы таштандыдан планшет таап алгандан кийин башталды. Ал планшетте жашыруун документтердин арасында президенттин сүйлөгөн сөздөрү жазылган. Кийин президент бул кызматка киришкен алгачкы жылдарда курбусу менен кеңешип жүргөнүн моюнуна алган. Конституцияны бузуп, курбусуна мамлекеттик сыр документтер менен таанышууга жол бергени үчүн элден кечирим сураган.

Ушундан кийин өлкөдө «президент мамлекетти башкарууга жарамсыз» деген нааразылыктар менен анын отставкасын талап кылган толкундоолор болду.

Кийин президенттин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганы тууралуу кылмыш иши ачыкка чыкты. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдогон. Муну менен Пак Кын Хе кылмыш жоопкерчилигине тартууда президенттик кол тийбестик жана иммунитетинен ажыраган.

31-мартта экс-президент камакка алынган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, пара алган жана мыйзамсыз кысым көрсөтүүгө барган деген айыптар тагылууда. (AbA)

Тектеш темалар