Батыш цивилизациясынын кыйроосу: бул эмне үчүн жана кантип болот?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биздин дүйнөнүн кыйроолорго же кыяматка жакындап баратканы боюнча белгилер барбы? Айрым факторлор азыр эле байкалат. Бирок ага Батыш кандай жооп кылат, аны келечек аныктамакчы деп эсептейт BBC Future баяндамачысы.

Саясый экономист, «Экономиканын өсүүсүнүн моралдык кесепети» аталган китептин автору Бенджамин Фридман батыш коомун жүрүп баратканда салмакты теңдеп турган велосипедке салыштырган. Албетте анын дөңгөлөгүн чимирилткен бул экономиканын өсүүсү деген. Эгерде эле «велосипеддин» жүрүп бараткан кыймылы жайлап же токтоп калса, анда азыркы биздин коомдун таянган негиздери - демократия, адам укуктары, социалдык толеранттуулук жана башкалар кыйшаңдай баштайт. Биз дөңгөлөктү андан ары дагы чимирилтип айландыруу жолун тапсак, анда биздин коомду бүтүндөй кыйроо күтүп турат.

Цивилизациядагы мындай кыйроолор адамзат тарыхында көп эле болгон. Кандай гана гүлдөгөн коом болбосун мындайга кабылбайт деп айтуунун өзү чекилик болоор эле.

Айталы, табигый кырсыктар же астероид түшкөн, эпидемия жайылган сыяктуу кырсыктарды бир саамга унутканда деле баары бир акыр аягы кыйроолорго алып келе турган толтура себептер бар экенин тарых күбөлөп келүүдө.

Ал эмне болгон себептер? Алардын кимиси кандай жол менен бизге сезилип же көрүнө баштады?

Катастрофанын эки сценарийи

Азыр адамзат тайгалак жана белгисиз жолдо баратат деп айтсам эч кимге деле таң калычтуу болбосо керек. Бирок ал чек бизден дагы канча алыстыкта, андан ары эч нерсени оңдой албайсыңбы?

Албетте, келечекти так айтуу мүмкүн эмес. Бирок математика, тарых жана бир катар илимдин жардамы менен батыш коомунун переспективасы канчалык узак мөөнөттүү дегенге жооп издеп көрсө болот.

Түштүк Африкада теңсиздикке каршы өткөн нааразылык учурунда полиция унаасы өрттөп жиберишти (2016-жыл). Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Африкада теңсиздикке каршы өткөн нааразылык учурунда полиция унаасы өрттөп жиберишти (2016-жыл).

Америкалык окумуштуу, прикладдык математика боюнча Мэриленд университетинин адиси Сафа Мотешаррей глобалдык туруктуу өнүгүүнү жана цивилизацияны бүлгүнгө алып келе турган механизимдер боюнча иликтеп жүрөт.

Мотешаррей жана кесиптештеринин 2014-жылы жарыяланган изилдөөсүнө ылайык бүлгүнгө алып келген эки ынанымдуу факторлор бар. Биринчиси, экологияга түшкөн ашыкча жүк, экинчиси, коомдун экономикалык жиктелүүсү.

Экологиялык категория азыркы коомго түшүнүктүү көрүнүш. Ал акыр замандын потенциалдуу булагы катары да кызуу сөз болуп жүрөт. Ѳзгөчө учурдагы жер бетинде табигый ресуртардын азайып баратканы, климаттын өзгөрүшү.

Ал эми коомдун экономикалык жиктелүү түшүнүгү - байлар жана жакырлар ортосундагы ажырым бүлгүнгө алып келет деген изилдөөчүлөрдүн өздөрү үчүн дагы күтүүсүз тыянак болгон.

Кыяматка алып келе турган "экономикалык" сценарийди карсак, элита жеке байлыгын көбөйтүү амалын көрүп, керектөөлөрү күчөп, арты коомдогу туруксуздукту жаратат. Акыр аягы толук кыйроого алып келет. Бул сценарийде "жөнөкөй кишилерге» коомдук байлыктан эч нерсе артпайт жана муну менен жакырлар байларга караганда көп болуп, элитанын ийгилиги болсо алардын эмгегинен көз каранды.

Акыр соңу жакырларга бөлүнгөн коомдук байлык өтө аз көлөмдө болгондуктан жумушчу массасы жөн эле кырылат. Анын арты менен бүтүндөй коомдун күнү бүтөт. Анткени элита бирөөнүн эмгеги менен гана күн көрүп келген.

Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдүн ичиндеги жана өлкөлөр ортосундагы теңсиздик мына ушул көйгөдү ачык көрсөтүп турат. Маселен, максималдуу киреше көрсөткүчтөрүнө ээ 10 пайыз өлкөлөр ошол эле учурда ушунча эле көлөмдөгү парник газын таштандыга чыгарганы үчүн жооптуу болот. Дагы бир мисал, дүйнө калкынын 50 пайызы күнүнө 3 доллардан көп эмес каражатка гана жашайт.

Цивилизациянын кыйроосу боюнча бул сценарийлердин ар биринде эле табигый ресурстар жана калктын санынын өсүүсү негизги бутага алынган.

Бирок кыйроону алдын алуу дагы жолу бар.

"Бул факторлордун - теңсиздик, калктын санынын көзөмөлсүз өсүүсү, айлана-чөйрөнүн булганышы, табигый ресурстарды ашкере жок кылуу сыяктуу себептерди азайтуу үчүн эгерде биз ар дайым акыл-эстүү тандоо жасасак, анда биз кыйроодон качып, коомду стабилдүү өнүгүү нугунда кармай алабыз»,-деп белгилейт Мотешаррей.

"Бирок мындай чечимдерди кечиктирбей азыр эле кабыл алуу керек. Түбөлүк күткөнгө болбойт", - деп эскертет ал.

Тилекке каршы айрым эксперттер мындай кадамдарга барууга күч-кубатыбыз жетпейт жана биздин саясый дагы, психологиялык дагы даярдыгыбыз жок деп эсептешет.

Биз азыр кооптуу циклга кирдик

"Климаттык өзгөрүүлөр боюнча көйгөй барган сайын курчуй берет. Анткени биз мурунку берген убадаларыбызды - Париж келишимин жана башка ушул сыяктуу документтерди аткара албайбыз»,-дейт норвегиялык окумуштуу, "2052-жыл: кийинки кырк жылдыкка глобалдык божомол" деген китептин автору Йорген Рандерс.

Биз бир планетада жашаган менен кыйроонун жакындап келе жатканын биринчилерден болуп дүйнөнүн жакыр аймактары сезет.

Рим империясы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Рим империясынын кыйрашындагы сабак - коом канчалык татаал болгон сайын, анын куну дагы жогорулап, биз аны төлөгөнүбүз.

Сирияда бир нече жыл мурун калктын саны чоң секирик жасап өскөнү байкалган. Бирок андан кийин 2000-жылдары кургакчылык каптап, айыл чарбасына кесепетин тийгизди. Каатчылыктан өзгөчө билегинде күчү бар жаштар жабыркашып, көбү жумушсуз калды. Ачуулуу жаштар өлкөнүн шаарларында толкуп жатышты. Мурдатан чыңалып келген этникалык маселе жаңы деңгээлге өсүп, зомбулук менен жаңжалды өөрчүткөн себеп болуп калды. Буга мамлекеттик башкаруу чабал болуп жатат деп сөөмөй кезегенди кошкондо бүтүндөй өлкө жарандык согуштун отуна кирптер болуп кетти. Мунун өзү сириялык коомду кыйроонун чегине алып келди.

Сириядагы кырдаалды же тарыхтагы бул сыяктуу кыйроолорду бир эле себеп менен эмес, көптөгөн факторлор менен түшүндүрсө болот деп белгилейт канадалык саясат таануучу Томас Гомер-Диксон.

Ал бул факторлорду тектоникалык чыңалуу (tectonic stresses) деп атады. Анткени ал белинбей топтолуп жана күтүүсүз жерден жарылып (вулкан сыяктуу), коомдогу стабилдүүлүктүн механизмдерине күч келтирип, ал эмес бүлүндүрүп кетет.

Рим империясынын бюджеттик көйгөйү

Ѳткөн күндөр дагы бизге келечекте эмне болорунан белги берет. Рим империясын мисалга алгыла. Биздин доорго чейинки 100-жылдын этегинде римдиктер суу аркылуу өтүп барууга оңой болгондуктан Жер Ортолук деңиздин бардык чөлкөмдөрүн көзөмөлүнө алган (Тарыхтагы Жер Ортолук деңиздин жээктерине ээ болгон жалгыз мамлекет - котормочунунэскертүүсү).

Айрым цивилизациялар эч кандай ызы-чуусу жок эле тарыхтын бүктөмүнө сөөнүп кеткен. Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Айрым цивилизациялар эч кандай ызы-чуусу жок эле тарыхтын бүктөмүнө сөөнүп кеткен.

Алардын иши ийгиликтүү болгондуктан муну менен токтоп калбай, кургактагы чек араларды да кеңейтүүгө өтөт. Бирок кургактагы жүрүштөр суудагыдай үнөмдүү болгон эмес. Чекараларды кеңейтүү менен римдиктер акырындап өздөрүнүн резервдерин түгөтө берген. Бирок буга карабастан бир нече жүз жылдап империя стабилдүү бойдон турду.

III кылымдан тарта аны мээнет чырмай баштады. Жарандык согуштан жана сырткы кол салуулардан империя алсыраган. Рим өзүнүн негизги аймагында көзөмөлдү сактап калууга жан талашкан. Бирок кубаттуу армияны кармап туруу бюджетке чоң жүк болуп, инфляция өстү.

Көпчүлүк окумуштуулар империянын кыйроосунун башталышын 410-жылы вестготтор Римди тоноп алган учурга байланыштырышат. Бирок ал мурунтан эле бышып-жетилип калган болчу.

Америкалык антрополог жана тарыхчы Жозеф Тейнтер Рим империясынын кыйрашындагы сабак, бул- коом канчалык татаал болгон сайын, анын куну да жогору болуп, биз аны төлөгөнүбүз деп белгилеген.

III кылымга чейин Рим империясы структурасына өзгөртүүлөрдү киригизүү менен алек болду: армия эке эсеге өсүп, кавалерия киргизилди, провинциялардын саны өстү, аны менен чогуу бюрократия дагы гүлдөдү.

Акыр аягында мунун баарын кармап турууга жана бул ишти улантууга империяда күч да, ресурстар дагы калган жок. Империянын кыйрашы согуштан эмес, бюджет көйгөйүнөн улам болду.

Бизди эмне куткарат?

Гомер-Диксондун болжолунда, батыш цивлизациясынын кыйроосуна изоляционизмдин өсүп жатканы дагы алып келиши мүмкүн. Жакыр өлкөлөр конфликттерге жана башка кырсыктарга терең батып, мигранттардын толкуну дүйнөнүн стабилдүү аймактарына көздөй чабылат.

Аргентинадагы демонстранттар АКШнын сириялык жана венесуэлалык кризиске кийгилишкенине каршылык билдирүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аргентинадагы демонстранттар АКШнын сириялык жана венесуэлалык кризиске кийгилишкенине каршылык билдирүүдө.

Батыш өлкөлөрү мигранттар агымын чектеп, ал тургай тыюу салып, чек араларга көп чыгымды талап кылган дубалдар курулуп, аларды дрондор жана чек ара аскерлери көзөмөлдөйт. Мамлекетти башкаруу барган сайын кадыр-барктуу, ошол эле учурда популисттик болуп калат. Ошону менен бирге байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымдын тереңдеши батыш коомун ички олку-солку болууга түртөт.

"2050-жылга карата АКШ менен Улуу Британия эки класстан турган коомго айланат. Анда кичинекей элита баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, калгандарынын жашоо турмушу төмөн көздөй кете берет,-деп көзү ачыктык кылат Йорген Рандерс.- Цивилизация жок болордон мурун, алгач теңсиздик жок болот".

Гомер-Диксондун айтымында, кишилер өздөрүнүн диний, этникалык жана улуттук коомдору менен кулпуланып алган көрүнүштөрү күчөй берет. Фактылар далилденип турса дагы өз күнөөсүн моюнуна албоо кеңири жайылат. "Булар биздей эмес" деп кине коюп, бүт баарына "чоочундарды" күнөөлөшөт. Мына ошондо жара жарылып же коңшу өлкө тартипке салууну көздөгөн болсо, анда цивилизациялык кыйроодон качуу мүмкүн эмес болуп калат.

Сириядагы жарандык согуш өлкөнү толук бүлүнгө учуроо коркунучуна кептеди. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сириядагы жарандык согуш өлкөнү толук бүлүнгө учуроо коркунучуна кептеди.

Мындай биринчи учурдан Африка жана Жакынкы Чыгышка, анчейин стабилдүү болбогон Чыгыш Европага жакын болгон үчүн Батыш Европа жабыр тартат. АКШ океан менен бөлүнүп тургандыктан көпкө чейин кармалат.

Баарысы ушунчалык начар абалдабы?

Башка жагынан алып караганда батыш коомун зомбулуктун айлампасында сөзсүз эле драмалык жыйынтык күтүп турбайт.

Айрым учурларда цивилизация акырындап экинчи планга чегинип, мезгилдин өтүшү менен эч кандай ызы-чуусу жок эле тарыхтын бүктөмүнө сөөнүп кирип кетет. Британ империясы 1918-жылдан тарта ушул жол менен келди деп белгилейт Рандерс. Башка батыш өлкөлөрү дагы иштин жүрүшүндө азыр карманган баалуулуктарынын көбүнөн баш тартып, ушул багыт менен келсе болот.

"Батышты кыйроо күтүп турган жок,-деп эсептейт Рандерс. - Болгону мамлекет азыркыдай натыйжалуу иштебей калат. Анткени биринчи планга теңсиздик чыгат. Демократия жана либерализм жеңилүүгө кабылып, Кытайдагы башкаруу сыяктуу авторитардык өкмөттөр жеңүүчү болуп чыга келет".

Бул божомолдордун баары бизди өтө эле таң калтырбашы керек. Анткени саясат таануучулар, социолог, экономисттер айткан божомол-дөдөмөлдөр буга чейин эле бизге белгилүү.

Айталы, Гомер-Диксон азыркы окуялардын бир бөлүгүн 2006-жылы эле айтканы бар. Деген менен ал 2020-жылдардын орто ченине чейин кандайдыр бир драммалык өнүгүүнү күткөн жери жок.

Бирок батыш цивилизациясы үчүн баары жок болуп кете элек. Эгерде маанилүү чечимдерди кабыл алууда аң сезимдүүлүк менен мамиле кылып, окумуштулардын кеңештерин эске алсак, саясатчылар бекем эркин жана лидерлик сапаттарын көрсөтө алса, анда адамзат коому мындан ары да прогресстин жолу менен бара берет деп белгилейт Гомер-Диксон.

Эгерде адамзат климаттык өзгөрүүлөрдөн улам стресс менен жашоо аргасыздыгы, калктын санын өсүшү, энергетиканын натыйжалуулугунун төмөндөшү сыяктуу оор кырдаалда калган күндө да, биз туруктуу өнүгүүнү кармап, ал тургай коомду жакшыртып кеткенге кудуреттүүбүз.

Бирок бул үчүн биз өз каалоолорубузду жана инстинктибизди - "эй болду кызматташпа", "колу ачыктык кылган жетишет" дегендерди тыйышыбыз керек.

"Бул жерде бардык өзгөрүүлөрдөн кийин биз дүйнөнүнү гумандуу сактап кала алабызбы деген суроо коюлуп жатат",-деп белгилейт Гомер-Диксон. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Future сайтынан окуңуз.

Тектеш темалар