Перс булуңундагы өлкөлөр Катарга талап койду

Сауд Арабиясы Катардын кургактагы жалгыз жолу болгон чек араны жапкан. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сауд Арабиясы Катардын кургактагы жалгыз жолу болгон чек араны жапкан.

Перс булуңундагы мамлекеттер Катарга каршы блокаданы токтотуу үчүн Дохага талаптарын жөнөттү.

Алардын арасында "Ал-Жазира" телеканалы менен өлкөдөгү Түркиянын аскердик базаны жабуу, "Мусулман агайыңдар" уюму менен мамилени үзүү жана Иран менен алакаларды азайтуу талабы бар.

Катар Сауд Арабия баш болгон коңшу төрт мамлекет менен дипломатиялык крисизтин чордонунда турат. Айдын башында айтылган мамлекеттер Катарга каршы экономикалык санкцияларды жарыялаган.

Аптанын башында АКШ блокаданы уюштурган мамлекеттер эмне себептен талаптарын айта электигине таң калып турганын маалымдаган.

Эми айтылган талаптар жарыяланды. Катар 10 күндүн ичинде 13 талапты аткарышы абзел.

Алардын арасында "Ал-Жазира" телеканалын жабуу дагы бар. Катардын коңшулары айтылган телеканал оппозициянын үнү болуп, таасири өсүп баратканына кабатыр болушууда.

Бирок серепчилер Катар коңуш мамлекеттер койгон талаптарды аткарбайт деген пикирде. Демек дипломатиялык кризис улана бермекчи.

Тектеш темалар