Түркияда окуу китептеринен эволюция теориясын алып салышты

Чарльз Дарвин Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чарльз Дарвиндин теориясын 9-класстын окуу китебинен алып салышты.

Түркиялык чиновниктердин пикиринде «карама-каршылыктуу» Чарльз Дарвиндин теориясын «түшүнүүгө өтө татаал» болгон үчүн 9-класстын окуу китебинен алып салышты. Түрк өкмөтүнүн чечими социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты.

"Бул эки жүздүүлүк жана фанатизм. Эми алар биологияны кантип окутушат? Кантип алар илим тууралуу айтып беришет?».

Түрк өкмөтүнүн эволюция теориясын алып салган чечими кызуу талкууга түшкөн интернеттеги форумдардан ушундай пикирлерди кезиктирүүгө болот.

"Эволюция терориясы - азыркы илимдеги маанилүү теориялардын бири. Аны талаштуу деп атоого ишенүү мүмкүн эмес»,-деп жазат интернет колдонуучулардын бири.

Дагы бир колдонуучу баары бир ага туура эмес сабак беришкенин жазууда: «Окутуучу бизден эволюция теориясына ким ишенет деп сураганда, мен колумду көтөрдүм. Ал болсо: сен анда маймыл турбайсыңбы? деген»,-дейт.

"Фейсбукта" түрк өкмөтүнүн аракетине ыраазы болгон да пикирлер бар.

"Бул мааниси жок теория менен жаш муунду ууландырганга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн биздин өкмөткө ыраазылык билдиргим келет. Аны окуу планынан алып салганы табигый эле нерсе болду».

Шаршембиде Билим берүү министрлигине караштуу окуу программалары боюнча кеңештин жетекчиси Алпаслан Дурмуш кийинки окуу жылында 9-класстын биология китебинен Чарльз Дарвиндин эволюция теориясы алып салынарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, окуучулар «бул талаштуу теорияны түшүнүүгө али жаштык кылат». Муну менен Дурмуш теориянын талаштуу бөлүмдөрүн окуучулар мектепти бүткөндөн кийин бакалавр баскычында окуша турганын кошумчалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мектеп программасын өзгөртүү боюнча бул сунушту колдогон.

Сүрөттүн автордук укугу SCIENCE PHOTO LIBRARY
Image caption Oкуучулар «бул талаштуу теорияны түшүнүүгө али жаштык кылат» деп түшүндүрөт чиновниктер.

"Түркия эволюция теориясын мектеп программасынан алып салган Сауд Арабиясынан кийинки экинчи өлкө болуп калат»,-деп түшүндүрөт 100 миңге чукул окутуучулардын башын бириктирген кесиптик кошуундун төрагасы Ферай Айтекин Айдоган.

"Ал тургай Иранда эволюция теориясын окутуу үчүн 60 саат бөлүнгөн. Дарвиндин өзүнө 11 саат»,-деп кошумчалады ал. Эволюция теориясын окуу программасынан алып салуу боюнча талкуулар жыл башында эле козголгон. Анда жогорку жана кичи класcтар үчүн октууу программасынын долбоору жарыяланган эле.

Ѳзгөртүүлөрдө азыркы Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр баяны боюнча окутулган сабактардын сааттарын кыскартуу да каралаган.

Болжолу бул өзгөртүүлөрдүн артында өкмөткө жакын саналган окутуучулардын консервативдүү профсоюз уюму турушу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Президент Эрдоганды азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мурастарын жок кылгысы келет деп күнөөлөп жатышат.

Оппозиция Эрдоган жана өлкөнү башкарып жаткан партия өлкөнү исламчыл жана консервативдүү кылуу аракетин көрүүдө деп эсептейт.

Эрдоган болсо буга чейин бир нече ирет анын максаты кудайга ишенген, ыймандуу муунду тарбиялоо экенин айтканы бар. Премьер-министрдин орун басары Нуман Куртулмуш болсо эволюция теориясын архаикалык деп атады.

Исламда баардык нерсенин жаратуучсу жалгыз Аллах деп айтылат. Кудай топурактан жараткан биринчи киши Адам болгон. Ал эми Оба анын кабыргасынан жаралган деп эсептелет. Эволюция теориясы диний чөйрөдө такыр эле кабыл алынбайт.

"Бир эле биология эмес, башка илимдерди дагы көбүрөөк диний контекст менен окутуу болжонуп жатат. Жыйынтыгында жаңы окуу программасы окуучуларга жана өлкө келечегине негативдүү таасирин бериши мүмкүн»,-деп эсептейт Ферай Айтекин Айдоган.

Анын айтымында окутуучулар буга каршылык билдирип чыгышы мүмкүн. Алар өкмөттүн аракетине карабай студенттерди жана окуучуларды светтик жана илимий баалуулуктар менен окутууну уланта бериши мүмкүн деди Айдоган. (AbA)

Тектеш темалар