БУУ: Йеменде холерага кабылгандар саны 200 миңден ашты

"Эки эле айдын ичинде холера согуштан жабыр тартып жаткан өлкөнүн бүт аймактарына жайылды»,-деп айтылат ДСУ жана ЮНИСЕФ билдирүүсүндө. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption "Эки эле айдын ичинде холера согуштан жабыр тартып жаткан өлкөнүн бүт аймактарына жайылды»,-деп айтылат ДСУ жана ЮНИСЕФ билдирүүсүндө.

БУУнун маалыматына караганда Йеменде холера жуктуруп алган болушу мүмкүн деген бейтаптар саны 200 миңден ашты. Соңку айларда өлкөдө холерадан 1300 киши көз жумган. Анын 25 пайызы балдар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) биргеликте жасаган билдирүүсүндө, Йемен соңку жылдарда дүйнө жүзүндө орун алган эң масштабдуу жугуштуу илдет менен бет келди.

Май айынын ортосунда эле БУУ холердан каза тапкандар саны 51 киши деп билдирген болчу.

"Эки эле айдын ичинде холера согуштан жабыр тартып жаткан өлкөнүн бүт аймактарына жайылды»,-деп айтылат ДСУ жана ЮНИСЕФ билдирүүсүндө.

Илдетти жуктуруп алгандар саны өсүп жатат. БУУнун эсебинде августтун этегине чейин илдетти жуктуруп алгандар 300 миңге жетиши мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Йемендеги ооруканалар толуп, орулууларды көчөдөгү чатырларга дагы жайгаштырып жатышат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында Йеменде күн сайын холера жуктурган беш миңге жакын жаңы учурлар катталууда. Адатта холера санитардык-гигиеналык начар шарттары бар аймактарда көп тарайт.

2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен шийит козголоңчулары (хуситтер) ортосундагы жаңжал токтобой жатат. Конфликт 2015-жылдын мартынан тарта күчөдү. Ошондон бери БУУнун эсебинде 8 миң киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

Согушка байланыштуу дээрлик 7,6 млн киши таза суу тартыш аймактарда жашап келүүдө. Тамак-аштын жетишсиздиги, таза сууну жоктугу, санитардык-гигиеналык начар шарттар, медициналык жардамдын жоктугу, мунун баары Йеменде ар кандай инфекциялардын тароосун шарттады

БУУ өзүнүн кызматкерлерин аймакка жөнөтүп, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатат. Уюмдун маалыматына караганда 16,8 млн киши, Йемендин дээрлик 70 пайыз калкы чукул гуманитардык жардамга мукташ болуп турат. Дээрлик жети миллион киши ачарчылыкка кабылды. (AbA)

Тектеш темалар