Колумбияда туристтер бараткан кеме чөктү

кеме чөктү Сүрөттүн автордук укугу AFP

Болжолу 170тей туристти салып бараткан кеме Колумбиянын түндүк-батышында кырсыкка кабылды. Кеминде алты киши каза тапканы айтылууда. 20дай киши ооруканага түшкөн.

Ѳлкө президенти Хуан Мануэль Сантос алты кишинин каза тапканын ырастады. Андан алдын расмийлер тогуз киши каза тапты деп билдирип жаткан. Ошол эле учурда 16 киши дайынсыз болуп, издөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик 133 киши куткарылганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ѳлкө президенти Хуан Мануэль Сантос алты кишинин каза тапканын ырастады.

Төрт палубалуу "Алмиранте" кемеси Гуатапе туристтик шаарындагы Пеньоль суу сактагычында кырсыкка кабылган. Noticias Caracol басылмасынын "Твиттердеги" жарыялаган тасмасында бир жарым минутанын ичинде кеме сууга жарымынан чөгүп кеткенин көрүүгө болот. Ошондой эле кишилер аман калыш үчүн чөгүп бараткан кемеден сууга бой таштап жаткандарын тартылып калган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу AFP

Куткаруу иштерине катышкан өрт өчүрүү кызматынын капитаны Луис Бернардо Моралес, кеме портко жакын эле жерде кырсыкка кабылганын билдирди.

"Кеменин сууга чөгүшүнө техникалык кемчилиги себеп болдубу же ашыкча салмакпы, балким суунун агымына байланыштуу богондур. Бирок азырынча биз эч нерсе билбейбиз»,-деди ал Франс-пресс агенттигине.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Гуатапе шаары Колумбиянын баш калаасынан 400 чакырым алыстыкта орун алган. Ал өзүнүн суу спорту жана активдүү эс алуу салттары менен өлкөдөгү эң популярдуу курорт эсептелет.

Азырынча кеме кырсыгынын себеби ачык айтыла элек. Кеме чөккөн жерге куткаруу кызматтары, техникалар тартылды. Жергиликтүү бийлик «кырдаал олуттуу» деп билдирген. (AbA)