ФКК: Петербургдагы теракттын аткаруучусу Telegram кызматын колдонгон

Коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө караганда Орусиянын аймагындагы эл аралык террордук уюмдардын активдүү мүчөлөрү тарабынан "Телеграм" мессенджери колдонулат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө караганда Орусиянын аймагындагы эл аралык террордук уюмдардын активдүү мүчөлөрү тарабынан "Телеграм" мессенджери колдонулат.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо болгон терактты ишке ашырган шектүү «чет өлкөлүк куратору» менен байланышуу үчүн Telegram кат алышуу кызматын колдонгон деп кабарлады.

Бул билдирүүдөн бир нече саат алдын Telegram ээси Павел Дуров орус бийлиги атайын кызматтарга колдонуучулардын кат алышуусун текшерип чыгууга мүмкүнчүлүк берүүсүн талап кылганын билдирген. Ал мындан баш тартканын айткан болчу.

Апрелдеги Санкт-Петербургдагы жардыруу боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы террордук актыны дарядоодо, аны ишке ашырууда «террорист жанкечти жана ага көмөктөшкөндөр, чет өлкөдө турган куратору тарабынан "Телеграм" мессенджерин колдонгону тууралуу так далилдери бар экенин» айтты.

Коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө караганда Орусиянын аймагындагы эл аралык террордук уюмдардын активдүү мүчөлөрү тарабынан "Телеграм" мессенджери колдонулат. Анткени бул жерде террористтерге жашыруун чаттарды түзүүгө жана маалыматтын сакталышы боюнча мүмкүнчүлүктөр берилгени көрсөтүлгөн.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он алты киши каза тапкан эле. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Тергөөчүлөр теги кыргызстандык, Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжошкон. Кийин бул окуяга катыштыгы бар деп бир нече киши камакка алынды.

20-апрелде Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников Санкт-Петербург метросундагы терактты жасоого буйрук берген киши аныкталды деп билдирген эле. Бирок шектүүнүн өздүгү жана башка маалыматтары жөнүндө эч нерсе деп айткан эмес эле.

Тектеш темалар