Британияда тарыхтагы эң чоң аскер кемеси деңизге чыгат

Улуу Британиянын Королдук аскер-деңиз флотунун "Квин Элизабет" (Queen Elizabeth) аскер кемеси Сүрөттүн автордук укугу john linton/bae systems/pa

Улуу Британиянын Королдук аскер-деңиз флотунун "Квин Элизабет" (Queen Elizabeth) аскер кемеси дүйшөмбү күнү Шотландиянын жээктеринен сыноо үчүн сууга чыгарылат.

Мындай чоң көлөмдөгү кеме дегеле мурда-кийин Королдук аскер-деңиз флотунда болгон эмес эле. Палубаларынын көлөмү үч футбол талаасына барабар. Кемени курууга дээрлик 6 млрд фунттан ашуун (7,6 млрд долларга жакын) каражат сарпталган.

"Квин Элизабет" качан катарга кошулат?

"Квин Элизабет" бир нече жыл сыноодон өткөндөн кийин гана 2021-жылы катарга кошулуп, АКШнын чыгыш жээктериндеги машыгууларга катышат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Палубаларынын көлөмү үч футбол талаасына барабар.

Учак алып жүрүүчү кеменин бортунда миңге чукул моряктар жана 40 аскер учагы болот. Кеме Королдук аскер-деңиз флотунун кармагында 50 жылдай кызмат кылат деп күтүлүп жатат.

Британияда учак алып жүрүүчү канча кеме бар?

Улуу Британиянын Королдук аскер-деңиз флотунда азыркы учурда бир дагы мындай кеме жок. "Квин Элизабет" эми гана сыноодон өтүүдө.

Акыркы учак тарткан кеме "Илластриес" 2016-жылы декабрда сатылып кеткен. 65000 тонналык "Квин Элизабет" курулуган Шотландиядагы Росайт портунда дагы бир кемени куруп жатышат. Ал "Принс оф Уэльс" деген атка ээ болот.

Британияга мындай кемелер эмнеге керек?

"Квин Элизабеттин" капитаны Жерри Кидд учак алып жүрүүчү аскер кемелери Британиянын деңиз өлкөсү деген репутациясын кармап турууга керек деп эсептейт.

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Учак алып жүрүүчү кеменин бортунда миңге чукул моряктар жана 40 аскер учагы болот.

Жаңы кеменин бортунда кандай учактар болот?

"Квин Элизабет" кемесинде британиялык жана америкалык аскер учактары болот.

2018-жылы британиялыктар тарабынан кемеге бомба таштоочу F35 Lightning II учагы жөнөтүлөт. Бул учакты америкалык Lockheed Martin компаниясы чыгарган. АКШ кемеге өзүнүн F35B учагын жөнөтөт.

Британиянын Коргоо министри Майкл Фаллон билдиргендей, АКШ Британиянын оперативдүү өнөгү, анан калса «ИМ» тобу менен күрөшүүдө оперативдүү өнөктөштүктүн болгону абдан маанилүү. (AbA)

Тектеш темалар