Pew Research Center: Трамптын эл аралык бедели төмөн

Вашингтондо жайгашкан Pew Research Center уюму жарыялаган жаңы иликтөөгө караганда, АКШнын президенти Дональд Трамптын эл аралык деңгээлдеги саясатын 37 өлкөдө сурамжылоого катышкандардын 22% гана колдойт. Бул көрсөткүч Барак Обаманын тушунда 64% түзгөн.

АКШнын президентине ишеним деңгээли төмөн өлкөлөрдүн катарында АКШнын Европа менен Азиядагы кээ бир союздаш мамлекеттери да бар, ошондой эле коңшулаш Мексика менен Канадада дагы төмөн.

Америкалык президентке ишеним өтө төмөндөгөн өлкөлөрдүн биринчи сабында Швеция (93% дан 10% га), Нидерланды (92% Дан 17% га) жана Германия (86% дан 11%га).

37 мамлекеттин ичинен эки мамлекетте гана Трамптын аброю өстү: Израилде 49% дан 56% га, Россияда 11%дан 53% га көтөрүлгөн.

Трамп менен кошо АКШнын өзүнө да ишеним деңгээли түшүп кеткени байкалат. Обаманын соңку жылында болгон сурамжылоодо кошмо штаттарга ишеним 64% түзгөн, азыр Трамптын убагындагы көрсөткүч 49 %.

Трамптын эл аралык соода келишиминен жана климаттык келишимден чыгуу жөнүндөгү билдирүүлөрүн сурамжылоого катышкан өлкөлөрдүн көбү колдогон эмес. Мусулман өлкөлөрүнөн мигранттардын келишин чектөө жөнүндө жарлыгы дагы көп мусулман өлкөлөрдө анын аброюн төмөндөтүп жиберди.

Йорданияда сурамжылоого катышкандардын 96%, Ливанда 88%, Сенегалда 82% анын жаңжалдуу жарлыгына каршы болушкан.

Эл аралык коомчулуктун көзүндө Ак үйдүн жаңы кожоюну бой көтөргөн, сабыры жок, ал түгүл коркунучтуу болуп чыгууда.

Респонденттерге президент Трампты күчтүү лидер, харизмасы бар адам, компетенттүү, башкаларга кам көрөт, бой көтөрөт, сабырдуу эмес же коркунучтуу сыяктуу жети сапат менен мүнөздөп берүү сунушу болгон.

Аталган сапаттардын ичинен сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү Трампты «бой көтөрөт» деген сапатын белгилешкен. Ал эми 37 мамлекеттин ичинен 26 сынын жашоочулары Трампты «коркунучтуу» деп аташкан.

Ошол эле учурда бардык жерде, өзгөчө Латын Америкасы менен Африкада Дональд Трампты күчтүү лидер деп аташкан. Бирок аны компетенттүү деп санагандар аз.

АКШнын президенти ошентип көп өлкөлөрдү чочутуп турган менен, Американын өзүнүн калкына эл аралык ишенимдин деңгээли ортодон жогору болуп кармалып турат. 37 мамлекеттин ичинде сурамжылангандардын 58% америкалыктарга пикири жакшы. Чет өлкөлөрдөгү көпчүлүк Америкада адамдардын эркиндиги жана укуктары сыйлоо деңгээли дагы деле жогору деп билишет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эл аралык аброю жагынан дүйнөлүк лидерлердин ичинен Германия канцлери Ангела Меркель алдыда

Pew Research Center уюмунун иликтөөсүндө Трамптан сырткары дүйнөнүн башка лидерлеринин дагы рейтинги көрсөтүлгөн. Дүйнө элинин төмөн ишенимине ээ болгон жалгыз эле Трамп эмес, Кытай президенти Си Цзинпинь менен орус президенти Владимир Путин дагы жаман бааларды алышты. 37 өлкө боюнча сурамжылоонун натыйжасы боюнча Цзинпинге ишенгендер 28%, Путинге ишенгендер 27% түзөт. Аларга салыштырмалуу Германиянын канцлери Ангела Меркелдин рейтинги жогору, анын саясатын сурамжылангандардын 42% колдойт. Ал эми Европанын өзүндө Меркелдин рейтинги 60% түздү. (КС)