Ак үй Асаддан жаңы химиялык чабуул пландады деп шектенүүдө

Ак үй Сүрөттүн автордук укугу JEWEL SAMAD

Вашингтон билдирүү жасап, болжолу Башар Асад жаңы химиялык чабуулду ишке ашырууга даярдык көрүп жатканын, эгерде бул ишке ашчу болсо анын куну сириялык диктатор үчүн кымбат болорун эскертти.

"Биз буга чейин эле айтып келгендей АКШ Сирияда "Ислам мамлекети" тобун жок кылуу үчүн жүрөт. Бирок эгерде Асад химиялык курал колдонуп, дагы бир массалык кыргын кылчу болсо, ал жана аскерлери үчүн анын куну кымбат болот",-деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.

АКШ тарап жаңы химиялык чабуулдун арты массалык кыргынга алып келип, анын ичинде жайкын тургундар жана балдар жапа чегип калуу коркунуч бар экенин белгиледи.

Сириянын Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаары 4-апрелде химиялык чабуулга кабылган. Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн шаарга багытталган аба соккусунан 87 киши каза таап, арасында көз жумган балдар да болгон эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Хан-Шейхун шаары 4-апрелде химиялык чабуулга кабылган.

Батыш лидерлери Сирия бийлиги жайкын тургундарга атайлап максаттуу химиялык чабуул жасаган деп айыптаган. Сириялык оппозиция чабуул үчүн өкмөттүк күчтөрдү күнөөлөгөн. Асад анын аскерлери бул чабуул үчүн жоопкерчиликти албай турганын билдиргени бар.

Мындан үч күн өткөндөн кийин 7-апрелде түндөсү Хомс провинциясындагы "Шайрат" аскер базасына америкалык аскерлер 59 "Томагавк" канаттуу ракетасын коео берген.

Чабуулдун курмандыктары боюнча эки башка маалыматтар бар. Хомстун губернатору жети киши каза тапканын, анын бешөө аскер кызматкерлери, экөө жайкын тургун экенин билдириген. Сириянын Куралдуу күчтөрү 10 аскер кызматкеринен айрылганын айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп бул ракеталык аткылоону Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп мүнөздөгөн эле. Асад болсо муну жоопкерчиликсиз жана акылсыз кадам деп атаган.

2-июнда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум учурунда сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин, Дамаск химиялык курал колдонбогонуна Москва ишене турганын белгилеп өттү. Орусия АКШнын ракеталык соккусун эл аралык укуктарды бузуу менен суверендүү өлкөгө жасалган сокку деп сынга алган. (AbA)

Тектеш темалар