Британдык казына королеваны камсыздаганга каражатты көбөйтөт

Королева Елизавета экинчи Сүрөттүн автордук укугу EPA

Келерки жылдан баштап британдык казына королева Елизавета экинчини камсыздаганга каражатты 8% көбөйтөт же 6 млн фунтка (7,6 млн доллар) көп бөлгөн жатат. Бул королдук кыймылсыз мүлктүн кирешеси көбөйүп жатканы менен байланыштуу. Ошого жараша королдук үй-бүлөнүн чыгымдары дагы көбөймөкчү.

Монархка таандык кыймылсыз мүлктү башкарган компания Crown Estate шейшембиде жарыялаган каржылык отчетко караганда, анын 2016-2017-жылга карата кирешеси 8% (24,7 млн фунт) өсүп, 328,8 млн фунтту (420 млн доллардын тегерегинде) түздү.

Королдук үй-бүлөнүн башкы каражат булагы болуп Crown Estate тапкан кирешенин белгилүү бир пайызы эсептелет. Демек, кирешенин көбөйүшү менен суверендик грант дагы көбөйөт. Бул акча негизинен королдук сарайдын кызматчыларынын эмгек акысына, иш сапарларды уюштурууга жана коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө жумшалат.

2018-19-жылдары суверендүү грант 82,2 млн фунт (105 млн доллар) болот деп күтүлүүдө. Бул Crown Estate ишканасынан британдык казынага түшүп жаткан кирешенин 25%.

Королеванын үй-бүлөсүн камсыздоо жөнүндө азыркы убакта иштеп жаткан келишимге ылайык, 2017-жылдан 2027-жылга чейин Crown Estate тапкан кирешенин королевага тийиштүү үлүшү 15% дан 25% га көтөрүлгөн. Анын себеби Букингем сарайынын капиталдык ремонтуна каражат бөлүү менен байланыштуу, керектүү каражат 369 млн фунт болуп эсептелген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Букингем сарайынын кээ бир залдары Елизавета экинчи такка отурган 1952-жылдан бери ремонт боло элек.

"Таажынын менчигинде" эмне бар?

"Таажынын менчиги" (Crown Estate) 1760-жылы король Георг III өкмөт менен келишим түзгөндө пайда болгон. Ал келишимге ылайык, королдук кыймылсыз мүлктөн алынган киреше казынага түшүп баштаган.

Анын ордуна монарх жарандык өкмөттүн чыгымдарын жана мурдакы монархтардын карызын төлөбөй турган болгон, анын өзүнө жылда белгилүү бир сумма бөлүнүп турмак болгон.

Ошондон бери бийликке келген ар монарх салт боюнча ушул келишимге баш ийип турган.

Азыркы учурда Crown Estate Британияда ири кыймылмыз мүлккө ээлик кылган көз каранды эмес коммерциялык ишкана болуп саналат.

Анын активинде Чоң Виндзор паркы жана Аскотадагы королдук ат майдан бар. Бирок менчиктин негизги бөлүгүн турак жай жана кеңселер, дүкөндөр, соода борборлору сыяктуу коммерциялык мүлктөр түзөт. Анын ичинде Лондондогу Риджен-стриттеги көп имараттар бар.

Королевалык казначей сэр Алан Риддин айтымында, «Елизавета II ага жумшалган каражатка толук татыктуу".

"Бул финансылык отчеттун артында эмне бар? Суверендүү грант өткөн жылы ар бир британдык үчүн 65 пенске турду. Бул почта маркасынын баасы", - дейт сэр Алан. - "Эми муну королева эмне иш кылып жатканы жана анын өлкө үчүн мааниси менен салыштыргыла. Ал өзүнө жумшалып жаткан каражаттан көп иш кылып жатат", - дейт королдук казначей.

Мансаптуулардын байлыгы

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Жарыяланган отчетко караганда, принц Чарльз өзүнүн бир резиденциясынан экинчисине жеке менчик учак менен учуп барыш үчүн 17 миң фунт (21,6 миң доллар) жумшаган.

Британияда монархияны жоюну талап кылып жаткан "Республика" коомдук уюму да өзүнчө маалымат жарыялады. Андагы жарыяланган отчетко караганда, бардык чыгымдарды эсептеп келгенде, монархияны камсыздоо жыл сайын британдык салык төлөөчүлөргө 345 млн фунтка (440 млн доллар) турууда.

"Республиканын" башчысы Грэм Смиттин айтымында, "бул привилегиялуу жашоону камсыз кылууну мойнуна алган салык төлөөчүлөр үчүн эбегейсиз оор жүк".

Sunday Times газетасы түзүп чыккан Улуу Британиянын бай адамдарынын тизмеси боюнча Елизавета Экинчинин байлыгы 360 млнт фунтту (466 млн доллар) түзөт. Тизме боюнча 2017-жылы ал 329-орунду ээлеген.

Королева британдык аристократтардын арасында дагы эң бай эмес. Алардын ичинде королева 16-орунда. Sunday Times газетасынын эсебине караганда эң бай аристократ Вестминистер герцогу. Анын байлыгы 9,5 млрд фунттан ашат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар