Венесуэланын Жогорку сотун тик учактан аткылашты

Ѳзүн Оскар Перес деп тааныштырган полиция офицери кайрылуусун "Инстаграм" баракчасына жайгаштырган. Сүрөттүн автордук укугу INSTAGRAM
Image caption Ѳзүн Оскар Перес деп тааныштырган полиция офицери кайрылуусун "Инстаграм" баракчасына жайгаштырган.

Ѳлкөнүн президенти Николас Мадуро баш калаа Каракастагы Жогорку соттун имараты тик учак менен аткыланганын айтып чыкты. Мадуро окуяны террористтик чабуул деп атап, өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракети катары баалады.

Жогорку сот имаратына ок атуу Мадуро мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде кайрылуу жасап жаткан учурда орун алган. Тик учактан эки граната ташталып, бирөөсү жарылбай калган. Абадан коргонуу күчтөрүн көтөрүүгө туура келди деп айтты Мадуро.

Күч түзүмдөрүндөгү атайын бөлүк ок атууну уюштургандарды издөөгө алууда.

"Учкучтардын бири мурдагы министр (Ички иштер министри) Мигель Родригес Торрестин учкучу болуп жүргөн жана Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) менен байланышта болгон»,-дейт Мадуро.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption «350» деген сан өкмөткө каршы жүрүштөрдөгү негизги символдордун бири.

Тик учак Венесуэланын полиция бөлүмүнө таандык болгон. Полициянын илимий, кылмыш жана криминалдык изилдөө корпусуна таандык (CICPC) деди өлкөнүн Маалымат жана байланыш мнистри Эрнесто Вильегас.

Социалдык түйүндөрдө тик учактын сүрөттөрү тарап кетти. Анын бооруна атайын плакатка "350. Libertad" ("350. Эркиндик") деп жазып илип коюшкан.

Ѳлкөнүн Баш мыйзамындагы 350-беренеде эгерде бийлик демократиялык баалуулуктарды жана адам укуктарын бузса, анда жарандар тарабынан таанылбай турганы жазылган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Венесуэлада бир нече айдан бери каршылык жүрүштөрү токтобой жатат.

Жергиликтүү басылмалар тик учактагы учкуч CICPC офицери Оскар Перес болушу мүмкүн деп жазды. Социалдык тармактарда тараган видео кайрылууда: «Биз - аскерлер, полиция жана жарандык кызматкерлер тең салмактуулукту кармап, кылмыштуу өкмөткө каршыбыз»,-дейт учкуч. Ал ошондой эле топтун эч кандай партияларга тиешеси жок экенин айтып, президент Николас Мадуронун отставкасын талап кылган.

Апрелден бери Венесуэлада өкмөткө каршы жүрүштөр тынбай өтүп жатат. Бийлик өлкө жарандык согуш коркунучуна кептелгенин айтууда. Бирок оппозиция лидерлери бул пикирге каршы. Алардын жүйөсүндө бийликти узурпациялап алган бир ууч кишиге каршы эл көтөрүлүп, саясый көз караштарына карабастан биригүүдө.

Тереңдеп кеткен экономикалык жана саясый кризис өлкөдө инфляцияны жаратып, кылмыштуулук өсүүдө. Демонстраттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуулар катталып жатат. Бийлик демонстранттарды "террорчу" жана "согушкер" атап жатат.

Тектеш темалар