Соңку үч жылдагы Украинадагы чуу жараткан өлтүрүүлөр

Чулгандуу адам өлтүрүүлөр унаасын жардыруу же атып салуу менен уланып жатат. Сүрөттө чалгын кызматынын полковниги Максим Шаповал жарылган унаа. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чулгандуу адам өлтүрүүлөр унаасын жардыруу же атып салуу менен уланып жатат. Сүрөттө чалгын кызматынын полковниги Максим Шаповал жарылган унаа.

Киевдеги украин чалгын кызматынын полковниги Максим Шаповалдын өлүмү өлкөдөгү соңку үч жылдагы чуу жараткан өлүм сериясынын уландысы болуп калды.

Би-би-си соңку мезгилдеги Украинанын ар кайсыл шаарларында орун алган чуулгандуу адам өлтүрүүлөрдүн тизмесин даярдады.

Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын офицери Максим Шаповал

27-июнь күнү эрте менен борбор шаардагы көчөлөрдүн биринде Максим Шаповал бараткан унаа жарылды. Жардыргыч зат унаага коюлган. Жардыруудан кийин унаанын тетиктери жүз метрдей чачыраган.

Басылмалардагы маалыматка караганда, каза тапкан полковник 1978-жылы туулган, Аскердик чалгын башкы башкармалыгында атайын резерв боюнча башкармалыктын жетекчиси болгон. Анын кол алдындагылар Донбасстагы операцияларды өткөрүп келишкен экен.

Аскер прокуратурасы Максим Шаповалдын өлүмүн террордук акт катары иликтеп жатат.

УКК полковниги Александр Хараберюш

Сүрөттүн автордук укугу УHIAN
Image caption Александр Хараберюш түшүп бараткан унаа 31-мартта Мариуполдо жарылып кеткен.

Украинанын Коопсуздук кызматынын контрчалгындоо багыты боюнча иштеген полковниги түшүп бараткан унаа 31-мартта Мариуполдогу кварталдардын биринде эрте мененки саат 8:30да жарылып кеткен.

Жардыруудан кийин унаа күлгө айланганча күйгөн.

"УКК күнөлүүлөрдү таап, жазага тартуу үчүн колдон келгенин кылат. Карызды биз тез арада кайтарабыз», -деген ал кезде Коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак.

УКК жетекчилери тергөө бул иш боюнча «чынжыр» тапканын айтышкан болчу.

Орусиялык саясатчы Денис Вороненков

Сүрөттүн автордук укугу УHIAN
Image caption Денис Вороненков.

Орусия думасынын экс-депутаты, украин жарандыгын алган Денис Вороненков Киевдин борбордук бөлүгүндө ушул жылдын 23-мартында атылды.

Вороненковдун жансакчысы кол салган кишиге да ок атып, ал ооруканада каза тапкан.

Кол салган адам мурда Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн, кийин келишимдин шарттарын сактаган эмес деп кызматынан бошотулган Павлоград тургуну Павел Паршов болуп чыккан.

Ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко аны "орусиялык диверсант" деп атады. Украин укук коргоо органдарынын маалыматына караганда бул кол салууга чейин Павел Паршов бир нече убакыт Орусияда болгон.

16-июнда полиция бул өлүмгө катыштыгы бар кишилер Павлоградда кармалганын билдирди.

Ѳлкө президенти Петр Порошенко, маркум Вороненков «Орусиянын Украинага каршы агрессиясынын, тагыраагы Януковичтин Украинага орус аскерлеринин киргизүүдөгү ролун жакшы билген негизги күбө эле» деп айткан.

Ровендеги тергөө абагынын жетекчиси Иван Мамчур

Сүрөттүн автордук укугу УHIAN
Image caption Атайын бөлүктүн мурдагы кызматкерин 8 жолу атышкан.

Ивана Мамчур өз учурунда Донбасстагы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүгүндө кызмат кылган. Ички кызматтын майору болгон. Аны 2016-жылы 16-сентябрда өзү жашап жүргөн үйдө атып кетишкен.

Кол салууга шектелгендердин бири Орусияга өтүп кетүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Ѳлкөнүн Башкы прокурору Юрий Луценко, кармалган шектүү Мариуполдун тургуну экенин, тергөөчүлөр менен оозеки сүйлөшкөндө Иван Мамчурду өлтүрүүгө буюртманы Орусиянын коопсуздук кызматтары бергенин айтты деп билдирген эле.

Тергөө иши жыйынтыкталып, кармалган шектүүнүн иши сотко өттү. Ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Журналист Павел Шеремет

Сүрөттүн автордук укугу УHIAN
Image caption Павел Шеремет.

Бир нече жылдан бери Украинада иштеп жүргөн белорусиялык журналист Павел Шеремет унаасына коюлган жардыргычтан 2016-жылдын 20-июлунда Киевде каза тапты.

Көп өтпөй жардыруудан алдыңкы түнү журналисттин унаасына мина коюп жаткан бир нече киши тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Май айында "Слідство.Інфо" журналисттери иликтөө тасмасын жарыялады. Анда журналист каза табардан алдыңкы түнү анын үйүнүн айланасында УККнын мурдагы кызматкери жүргөнү айтылат.

Азыркы күнгө чейин Павел Шереметтин өлүмүн ишке ашыргандар жана буюртма бергендер табылган жок. Бул өлүм буюртма адам өлтүрүү кылмышы катары иликтенип жатат.

Публицист Олесь Бузин

Сүрөттүн автордук укугу УHIAN
Image caption Олесь Бузинди 2015-жылдын 16-апрелинде Киевдин борбордук бөлүгүндөгү үйүнүн жанынан атып кетишкен.

Олесь Бузинди 2015-жылдын 16-апрелинде Киевдин борбордук бөлүгүндөгү үйүнүн жанынан атып кетишкен.

Эки ай өткөндөн кийин Ички иштер министри Арсен Аваков кылмыш иши ачылганын билдирген. Укук коргоо органдары ИИМдин "Гарпун" батальонунда кызмат өтөгөн жана улутчул бирикмелердин мүчөсү болгон Денис Полищук менен Андрей Медведькону камакка алган.

2015-жылдын соңунда аларды үй камагына бошотушкан. Ошондон бери эч кандай сот иши болгон жок. (AbA)

Тектеш темалар