Президенттер кантип саякаттайт?

Президенттердин иш сапарында негизгиси коопсуздук. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Президенттердин иш сапарында негизгиси коопсуздук.

Германия өкмөтү түрк лидери Режеп Тайип Эрдоганды АКШ тарабынан кылмыш иши козголгон жансакчылары менен келүүсүнө уруксат берди. Вашингтондо түрк президентинин жансакчылары күрддөрдү жактап митинг уюштургандар менен кагылышкандан кийин АКШ кылмыш ишин козгогон эле.

Албетте, кандай гана өлкөнүн президенти болбосун өз жансакчылары менен саякатка чыгууга укугу бар. Бирок бул жолу "Чоң жыйырмалыктын" саммити өтө турган Гамбургда күрддөрдү жактагандар көп жашай турганын дагы эстен чыгарбоо керек. Кесепети жакшы эмес болуп калышы мүмкүн.

Мамлекет башчылары адатта өздөрүнүн резиденциясынын чанда гана чет элдик сапарларга чыгышат. Көпчүлүгү топ кишилердин коштоосу жана бардык керектүү каражаттарын кошо тартып барып келишет. Дүйнө лидерлери кантип саяктаттайт болду экен?

Air Force One, коопсуздук жана кетчуп

Дүйнөдөгү бай жана таасирдүү өлкөнүн лидери болуш оңой эмес. Бул үчүн такай коопсуздук өтө катуу кайтарылган аймактын ичинде жүрүүгө туура келет. Мындайча айтканда "көбүктүн" ичинде. Президенттин ал "көбүгү" салык төлөөчүлөр үчүн күнүнө 180 миң АКШ долларына туура келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ Президенти жардамчылары, жансакчылары жана пресса менен бирге саякатка чыгат.

"Эркин дүйнөнүн лидерлери" атактуу президенттик учакта (иш жүзүндө алардын саны экөө) саякаттайт. Учакта толук жакшы шарттары менен 100 киши: 76 жүргүнчү жана экипаждын 26 мүчөсү учса болот.

Президенттик бөлмө учактын алды жагында жайгашкан. Ал жерде оңой эле керебетке айланып кете турган эки диван жана кнопка менен башкарылган жалюзи бар. Мурда учактын жана Ак үйдүн кожоюну Барак Обама болуп турган учурда бул бөлмөдө анын кызы үчүн атайын ойной турган консоль орнотулган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Президент 26 экипаждын мүчөсү менен учат. Барак Обама учкучтардын кабинасында.

Air Force One жогорку бөлүгү бүтүндөй коопсуздукту сактоо үчүн жашыруун каражаттар менен толгон деп айтса болот. Ал жерде антирадар каражаттары, датчиктер жана башка коопсуздук каражаттары бар.

Учакка абада учуп баратып эле май куюп алса болот. Бирок бул учактын бортунда президент бараткан учурда өтө кооптуу деп эсептелет. Ал эми Air Force One менен вице-президент учуп баратса, анда кооптуулук анчейин коркунучтуу эспетелбей калат.

Мунун менен президенттик лайнердеги негизги басым коопсуздук жана жакшы шарт түзүүгө жасалат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ президенттеринин учагы ушундай көрүнүштө. Жорж Буш-кичүүсү жапон премьери Дзинъитиро Коидзуми менен.

Азыркы президент үчүн "биринчи борт" өзүнүн жеке учагындагы мраморлор чегерилген жуунуучу бөлмө, укмуш кооздолгон мебелдерден кийин жупуну эле көрүнүп калган болушу мүмкүн.

Трамптын чет өлкөгө жасаган биринчи сапарында - Сауд Арабиясына баратканда ал өзүн үйдөгүдөй сезүүсү үчүн жакшы эле аракет кылышкан. Расмий түшкү тамак учурунда анын сүйүктүү тамагы кетчуп менен стейк беришкен.

Президент менен саякатка чыккан учурда сөзсүз кетчупту ашыкча алып алуу керек деп айтышат.

Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд, эки лифт жана лимузин

Сауд Арабиясынын падышасы кандай кааласа ошондой саякаттайт. Биринчиден ал чексиз бийликке ээ, экинчиден анын өлкөсүндө мунай бар, демек акча бар.

Image caption Сауд Арабия падышасынын жеке учагы.

Ушул жылдын башында ал Индонезияга он күндүк иш сапары менен келди. Өзү менен бирге 506 тонна багаж алып келди. Анын ичинде 600дүк эки «мерседес» жана эки жеке лифт алып келген.

Ошондой эле падышаны 600 киши коштоп келди. Бирок мунайга бай падышалык үчүн бул жаңылык эмес.

2015-жылы сентябрда падыша Вашингтондогу Four Seasons мейманканасынын 222 бөлмөсүнүн баарын ижарага алып койгон. Ага чейин буюртма берип койгон кишилерден кечирим сурап, башка мейманканага жайгаштырууга туура келген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2015-жылы сентябрда падыша Вашингтондогу Four Seasons мейманканасынын 222 бөлмөсүнүн баарын ижарага алып койгон.
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бул сапарына чейин падыша франциялык Ривьерде 1000 кишиден турган тандалма коноктор менен болгон. Анда аларга атайын чоң жээкти бошотуп беришкен.

Падышанын урматына Four Seasons ээлери жер төлөдөгү унаа токтогон жайына чейин килем төшөштү. Мебелдер болсо алтын менен жылтылдап турду. Күзгү, үстөл, лампа ал тургай кийим илгичтерге да алтын жалатылган.

Бул сапарына чейин падыша франциялык Ривьерде 1000 кишиден турган тандалма коноктор менен болгон. Анда аларга атайын чоң жээкти бошотуп беришкен.

Полковник Каддафи: кыздар жана бедуин чатыры

Полковник Муаммар Каддафи Ливияны 42 жыл башкарды. Триполиде мыкты кайтарылган жана жер алдындагы өтмөктөр түйүнү бар комплексте жашады. Биз билгендей мындай сактык ливиялык диктаторго жардам бере алган жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Каддафинин Кремлге тигилген чатыры.
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Париждеги Елисей талаасында.

Ал чет өлкөгө сапарга чыкканда абдан кооз жасалган бедуин чатырын кошо алып алып, көптөгөн өлкөнүн борборуна чатыр жайды. Чатыр абдан оор болгондуктан аны атайын башка жүк ташыган учак менен алып жүрүүгө туура келчү. Толук сүрөттөлүш болуш үчүн кээде ливиялык диктатор эки төөнү дагы алдырып келип, байлап койчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Триполиде. Ливиялык лидердин ошол кездеги британ премьери Тони Блэр менен жолугушуусуна төөлөр дагы күбө болуп жатат.

Полковниктин жеке жансакчылары мыкты даярдыктагы 40 киши болгон.

Аларды Каддафи жеке өзү тандап алган. Аскерлештирилген кыздардын баары аялдардын аскер академиясын бүткөн. Алар кызмат учурунда макияж жана бийик такалуу аскер өтүгү менен жүрүүгө милдеттендирилген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Каддафинин Луврга сапары учурунда.

Муаммар Каддафинин чатырда жатканы анын бийиктен коркуп, лифтке ишенбегенинен улам деп да айтылып жүрөт. Ал бүт өмүрүндө 35 тепкичтен жогору бийиктикке чыкпоого аракет кылып келген.

Кимдерди кантип ташышат: поезд, учак жана ажатканасы бар унаа

Өлкө канчалык жабык болгон сайын алардын лидерлери кантип сапарга чыгышары тууралуу малымат ошончо аз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ким Чен Ир Москвага сапары учурунда Новосибирскде жеке вагонуна түшүп жаткан учуру.

Түндүк Корея лидерлеринин жеке жашоосу биз үчүн белгисиз, эч нерсе билбейбиз. Бирок азыркы лидердин атасы Ким Чен Ир учакта учууну жактырбай поездди артык көргөнү тууралуу маалымат бар. Ал сапарга Орусия менен Кытайдан башка эч жакка чыккан эмес.

Анын уулу жана мураскери Ким Чен Ын кээ учурда атайын жабдылган учак менен саякатка чыгат. Муну батыш журналисттери пародия кылып, америкалык президенттердин Air Force One ("Борт номер бир") деген аталышынан улам, түндүк кореялык лидердин учагын Air Force Un ("Борт номер Ын") деп тамашага салышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореядагы булактар Кимдин кичүүсү эч качан учак айдаганды үйрөнбөгөн болсо дагы штурвалды колуна алганды жакшы көрөт дейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн жылы Батыш ММКлары Ким Чен Ын өлкө ичиндеги сапарларында атайын ажатканасы бар унаа коштоп жүрөрү тууралуу жазышкан.

Папа Франциск: кичи -Ватикан, бревиарий жана окуу үчүн китептер

Чет жакка чыкканда Рим папасы анчейин көп эмес коштоочулар менен жүрөт. Аны Ватикандын айрым чиновниктери жана басма сөз кызматы коштоп чыгат. Бул компания бейформалдуу «кичи-Ватикан» деген аталыш алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Папа Франциск италиялык Alitalia авиакомпаниясына таандык кадимкидей эле учак менен жүрөт.

Албетте, анын күзөт кызматы да сөзсүз сапарда бирге болот. 2015-жылы АКШга жасаган иш сапары учурунда Ватикандын коопсуздук кызматы америкалык кесиптештери менен алдыдагы сапарды ийне-жибине чейин такташып чыгышкан.

Папа Франциск англис тилинде жакшы сүйлө албасын эске алганда аны котормочу дагы коштоп жүрө турганын белгилей кетүү керек. Ал бардык католиктердин башында турган үчүн өзгөчө шаан-шөөкөтү жок эле саякаттайт.

Ал италиялык Alitalia авиакомпаниясына таандык кадимкидей эле учак менен жүрөт. Учакта ал өзү жана аны коштоп жүргөн жардамчылары, журналисттер бирге учушат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Учактын ичинде Папа Франциск басма сөз кызматы жана башка журналситтер менен аңгемелешип жаткан учуру.

Папа Франциск өзү менен ар дайым анчейин чоң эмес кол сумкесин алып жүрөт. Анда диний дубалар жазылган бревиарий деп аталган китеп,жолугушуунун күн тартиби жазылган дептери жана окуй турган китептер сөзсүз болот. (AbA)

Тектеш темалар