Индияда кимиси маанилүү: аялбы же уйбу?

уйдун башына окшоп жасалган бет кап кийип түшкөн аялдар Сүрөттүн автордук укугу SUJATRO GHOSH

Мындай орой, одоно көрүнгөн суроо социалдык тармактарды "жарып" жаткан фото долбоордун негизин түзөт. 23 жаштагы фотографтын уйдун башына окшоп жасалган бет кап кийип түшкөн аялдарды тарткан сүрөтү жергиликтүү интернет колдонуучулардын ачуусун келтирди.

"Менин өлкөмдө аялга караганда уйлар маанилүү орунда турганы тынчсыздандырат. Индустар ыйык деп санаган уйга караганда зордуктоого же кол салууга кабылган аялдар адилеттүүлүктү көпкө чейин күтүүсү керек",-деп түшүндүрөт өзүнүн долбоорун Делиде жашаган фотограф Суджатро Гош.

Сүрөттүн автордук укугу SUJATRO GHOSH

Чынында эле Индия аялдарга карата кылмыштар саны боюнча алдыңкы орунда аталат. Өлкөдө зордуктоо ар бир 15 минутада бирден болуп турат.

"Бул кылмыштар сотто жылдап каралат. Уйду өлтүрүп коюшканда экстремисттик индуисттик топтор барып эле малды сойгон кишини сабап салат же көзүн тазалайт",-дейт фотограф.

Фото долбоор уйларды коргогон элдик топтордун таасири өсүп баратканына каршылык максатында дейт Суджатро. 2014-жылы өлкө башына "Бхаратия жанат" ультра оңчул улуттук партиясы келгенден кийин бул көрүнүш ашынып кетти.

"Мени Дадридеги [Уттар-Прадеш штатындагы поселок, бул жерде индуисттик экстремисттер уйдун этин жеген жана сактаган деген мусулманды өлтүрүп коюшкан) жана башка жерлердеги диний себептен улам болгон мусулмандарга кол салуулар мени кабатыр кылды",-дейт Гош.

Сүрөттүн автордук укугу SUJATRO GHOSH
Сүрөттүн автордук укугу SUJATRO GHOSH

Башкаруучу партия уй ыйык жаныбар болгон үчүн аны сактоо керек деп айтууда. Ошондуктан соңку айларда Индияда уй символ катары карала баштады. Айрым штаттарда уй союга тыюу салып, аны бузгандарга катаал жаза киргизилди.

Деген менен уйдун эти мусулмандар, христиандар, миллиондогон ар кандай ишенимдеги кишилердин негизги тамагы эмеспи.

Соңку эки жылда уйга байланыштуу 10 киши өлтүрүлдү. Гош өлкөнүн чыгышындагы Колкатада, мурдагы Калькуттада туулган.

"Мындай коркунучтуу диний жана саясый аралашманы" Делиге келгенде көрдүм дейт.

Ал өзүнүн долбоору үнсүз каршылык болуп, кырдаалды өзгөртөт деп үмүттөнөт.

Июндун башында Гош Нью-Йоркто болгон учурунда оюн-зооктордо колдонулган уйдун маскаларын сатып алып, кайтып келгенден кийин аларды кийгизип, кыз-келиндерди сүрөткө тарта баштаган. Сүрөттөр туристтер кызыккан жайларда, өкмөттүк мекемелердин жанында, поездде, кемеде ж.б. жерлерде тартылган.

Эки апта мурун ал долбоорун "Инстаграмга" жарыялап, жагымдуу эле реакцияларга туш болдум эле дейт. Бирок жергиликтүү басылмалар бул тууралуу жазып чыгып, "Фейсбук" жана "Твиттердеги" баракчаларына бөлүшкөндө баары тескерисинен кетти.

Сүрөттүн автордук укугу SUJATRO GHOSH

"Айрым комментарийлерде мени коркутуп башташты. "Твиттерде" мен жөнүндө ачуу сөздөрдү жазышты дейт фотограф. Ал тургай айрымдар аны башаламандыкка түртүп жатат деп күнөөлөп, Делинин полициясына кайрылышкан.

"Мен саясый билдирүү жасап жатам. Анткени бул масале көбүрөөк саясый негизде. Бирок биз тереңирээк үңүлсөк, индуисттик улутчул-шовинизм ар дайым болуп келген. Болгону эки жылдан бери өкмөттүн ичине кирип алды",-деген жаш фотограф опузалардан коркпой турганын айтууда.

"Мен коркпойм, анткени баарынын кызыкчылыгы үчүн ушул ишти кылып жатам".

Бул окуянын жагымдуу тарабы, долбоор дүйнөнүн ар касйыл бурчундагы кыз-келиндер арасында популярдуулукка жетишип, аны колдогондор, бул өнөктүккө катышуу ниетин билдирген көп болуп жатат.

Ал өзү айткандай, "деген менен уй өзүнүн саякатын" улантууда. (AbA)

Тектеш темалар