Трамптын миграциялык жарлыгы: кимге виза берилери түшүндүрүлдү

Дональд Трамптын мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга келүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча чечимине каршы массалык жүрүштөр болгон. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дональд Трамптын мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга келүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча чечимине каршы массалык жүрүштөр болгон.

Ак үй качкындарга жана мусулмандар артыкчылык кылган алты өлкөнүн жарандарына виза берүү боюнча негизги критерийлерди атады.

Апта башында АКШнын Жогорку соту Трамптын буйругуна бөгөт койгон алгачкы соттук чечимдерди жокко чыгарган болчу. Ошону менен жыл башынан бери талкуудан башы чыкпай келе жаткан президент Трамптын алты мусулман өлкөсүнүн жарандарын 90 күнгө чейин АКШга киргизбөө жана качкындарды кабыл алууну 120 күнгө токтотуу боюнча жарлыгына жол ачылгансыды.

Трамптын администрациясы соттун чечимин толуктап, аэропорттордо түшүнбөстүк жаралбашы үчүн жаңы эрежелерди жарыялады.

АКШ бийлиги атаган критерийлер Иран, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына тиешелүү. Башкысы миграция боюнча иш алып барган чиновниктер эми АКШда жакын тууганы бар жогуна карай турган болду. Ак үй билдиргендей, бул категория ата-энеге, жубайларга, күйөө бала жана колуктуга, бир туугандарга тиешелүү.

Башкача айтканда, алты мусулман өлкөсүнүн виза алам деген жарандарынын АКШда жакын үй-бүлө мүчөсү жашап туруусу зарыл. Жубайы же жолдошу, баласы же кызы, күйө баласы же келини, ошондой эле бир тууганы. Ошол эле учурда чоң ата- энеси, ага-ининин балдары болсо, анда виза берилбейт.

Трамп тарабынан киргизилген убактылуу чектөөнүн АКШда окуган же окуп жаткандарга, бул өлкөдө бизнеси барларга, учурда визасынын мөөнөтү бүтө электерге тиешеси жок.

Жаңы эрежелер бейшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн баштап күчүнө кирмекчи. Бул талаптар Жогорку Сот президент Трамптын буйругу боюнча акыркы чечимин жарыялаганга чейин күчүндө кала берет.

Трамптын январдагы жети өлкөнүн жарандары үчүн АКШга келүүгө убактылуу тыюу салган жарлыгы БУУ жана бир катар адам укугун жаатында иш алып барган уюмдар тарабынан сынга кабылган.

Бир катар аймактардагы федералдык соттор бул жарлыктын аткарылышын убактылуу токтоткон чечимдерди кабыл алышкан. Биринчилерден болуп Нью-Йорктогу федералдык сот жарлыктын аткарылшына убактылуу бөгөт койгон.

Андан кийин Сиэтлдин соту (Вашингтон штаты) ушундай эле чечим чыгарган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дональд Трамп Гавайи штатынын федералдык соту жарлыкка бөгөт койгондо өз укугунан аша чапты деп билдирген.

Ушундан кийин Трамп кайрадан жарлыктын бир аз жумшартылган вариантын алып чыкты. Экинчи антимиграциялык жарлык ишке кирбей жатып эле Гавайи штатынын федералдык соту тарабынан белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Трамптын администрациясы Сан-Францисконун сотуна доо арыз менен кайрылган. Үч судьядан турган соттук коллегия өз чечиминде президент Трамп бул жарлыгы менен эмне үчүн алты өлкөнүн жарандарына жана качкындарга тыюу салып жатканын негиздеп бере албады деп белгилеген.

Май айында Вирджиниянын федералдык апелляциялык соту биринчи чыккан жарлык боюнча доо арызды караган. Сот көпчүлүк добуш менен доо арызды канааттандырган эмес. Бирок соттун демократ президент тарабынан шайлангандары каршы чыкса, республикачыл президент тарабынан дайындалгандары жарлыкты мыйзамдуу деп аташкан эле. (AbA)

Тектеш темалар