Спутник согушу: Европа аба мейкиндигине ким ээлик кылат?

Телекоммуникациялык компаниялар акыркы жылдарда учактарды спутник интернети менен камсыздоо боюнча активдүү иш алып барып жатышат. Сүрөттүн автордук укугу ESA/CNES/ARIANESPACE
Image caption Телекоммуникациялык компаниялар акыркы жылдарда учактарды спутник интернети менен камсыздоо боюнча активдүү иш алып барып жатышат.

Шаршембиде кечинде Чыгыш Гвиана космодромунан Европа аба мейкиндигинде учкан учактарды жогорку ылдамдыктагы Wi-Fi менен камсыздоого багытталган негизги спутник учурулду.

Жакында европалык каттамдар учак учуп бараткан учурда жүргүнчүлөр колдоно ала турган жогорку ылдамдыктагы интернетке туташуусу мүмкүн. Интернет спутниктин өзү аркылуу түз же жердеги кошумча телекоммуникациялык мунаралардын жардамы менен ишке ашат.

Европалык авиациялык түйүн деп аталган долбоордун түзүүчүлөрү Британиядагы эң ири спутник оператору Inmarsat жана германиялык Deutsche Telekom. Компаниялар кызмат көрсөтүү ушул жылдын соңуна чейин ишке ашып калуусу мүмкүн деп үмүттөнүп турушат.

Биринчи жабдыктар орнотула турган авиакомпаниялар Lufthansa менен AIG (Aer Lingus, British Airways, Iberia жана Vueling) компаниялык тобу болмокчу.

Сүрөттүн автордук укугу INMARSAT
Image caption Европалык авиациялык түйүн орбиталык жана жердеги гибриддик система болмокчу.

Жогордудан ар бир учакка космос менен байланышуу үчүн спутник антенналары орнотулуп, төмөнкү бортуна болсо жердеги түйүн менен байланышууга жабдыктар коюлат. Биринчи этабында 300 телекоммуникациялык мунара орнотулат деп күтүлүүдө.

Учакта бараткан жүргүнчүлөр интернет колдонгусу келсе, анда мейманкана же кафеде колдонгондой эле Wi-Fi түйүнгө туташып кадимкидей пайдалана берет.

Европалык авиатүйүндү иштеп чыгуу бир топ убакытка созулду. Еврокомиссия 2009-жылы Inmarsat жана дагы бир компанияга спутник байланыш операторунун лицензиясын берген эле.

Башында көпчүлүк эксперттер долбоор мобилдик телефондоррго байланыштуу болот деп болжошкон. Спутникке кадимки мобилдик байланыш түйүнүнө туташкандай эле кошулат деп күтүшкөн эле. Бирок 2012-2013-жылы учактагы байланыш кызматынын рыногунда чоң өзгөрүүлөр башталды.

Сүрөттүн автордук укугу THALES ALENIA SPACE
Image caption Европалык авиациялык түйүндүн спутнигин орбитага бир нече телевизиондук спутниктер менен бирге чыгарышты.

Учак бортунда Wi-Fi азыр деле бар, бирок сапаттуу байланышка жетишүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Деген менен технология өзгөрүп, аны менен кошо эле интернет кызматын пайдалануу дагы барган сайын ыңгайлуу болууда.

«Биз башында бир топ варианттарды ойлондук. Анан учактардын байланыш рыногуна көңүл буруп калып, бул бизге абдан туура келди»,-дейт Inmarsat компаниясынын башкы директору Руперт Пирс.

«Кыска аралыкка учуулар (Европада) Түндүк Америкага салыштырганда эки эсеге өсүп жатат. Бул каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн саны боюнча. Мунун менен [Европа] дүйнөдөгү жакынкы магистралдык жүк ташуулардын базарына айлануу жолунда турат. Менимче бул көпкө созулбайт, анткени Кытай бизден озуп кетет. Кытайда алдыдагы беш жылда 50 аэропорттун курулушу пландалууда. Ошондуктан алар менен атаандашуу өтө кыйын. Бирок кандай болгон күндө дагы Европа кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү берет»,-дейт Пирс.

Учуу мезгилиндеги байланышты камсыздоо кызматы Inmarsat компаниясынын ишиндеги тездик менен өөрчүп жаткан багыттардын бирине айланууда. Байланыш кызматында алыскы магистралдык учууларга Ka-диапазонунда иштеген кубаттуу Global Xpress спутниги тартылган. Европалык авиатүйүн анчейин алыс эмес аралыктагы учууларга максатталган.

Жаңы учурулган спутник 3-4 айга барып ишке кирет. Ушундан кийин гана стратегиялык өнөктөш авиакомпаниялар менен тестирлөө иштери башталат.

Inmarsat атаандаштары тараптан олуттуу каршылыкты күтүп турат. Азыртан эле айрым компаниялар аны 2009-жылы берилген лицензиянын шарттарын бузуп жатат деп билдирип чыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Спутник операторлору азыртан эле учактарда байланыш кызматын көрсөтүү базарын бөлүшүп жатышат.

Түндүк Америкада учактардагы байланыш кызыматы боюнча иш алып барган америкалык концерн ViaSat европалык сотко арыз менен кайрылганы турат. Кошумча доогер катары европалык өнөктөшү Eutelsat компаниясы жана Panasonic Avionics арыз берет. Арыз бергендер Еврокомиссиянын берген лицензиясында коммуникациялык системаны куруудагы негизги багыт спутник аркылуу деп көрсөтүлүп, жердегиси кошумча деп берилген эле дейт. Ал эми ишке ашканда тескерисинен болуп калды деп доомат коюп жатышат.

"Бир мисал, биз эсептөөлөрдөн удам мындай тыянакка келип жатабыз, спутник компонентинин кубаттуулугу Европа үчүн секундуна 100 Мбит. Муну жердеги компонент менен салыштырып көргүлө, ал секундуна 50 Гбит. Бул 500 эсе көп дегендик. Эми ушул компонент кошумча болуп калабы? Бул жердеги байланыш түйүнү. Эгерде биз лицензия бергенде спутник компонентинин үлүшү маанилүү роль ойногонун эстесек, анда бул өтө маанилүү",-дейт Eutelsat директорлорунун бири Владимир Бок.

2020-2021-жылдарда ViaSat жана Eutelsat Европа аба мейкиндигине дүйнөдөгү эң кубаттуу, секундуна 1 Тбит (1024 Гбит) маалымат бере турган коммуникациялык спутник чыгарууну пландап жатат. Компания бул европалык каттамадардын жүргүнчүлөрүнө Европалык авиатүйүн долбооруна караганда сапаттуу кызматты сунуштайт деп ишендирүүдө. Ошондуктан дагы алар бул планы ишке ашканга чейин эле авикомпаниялар атаандашы менен келишим түзүп кетеби деп кооптонууда.

"Силер башында келишилген эреже менен ойноп бизнесиңерди өнүктүргүлө же бул эрежелер бизге туура келбейт деп өзүңөрдүн моделиңерди түзүп, атаандаштарыңарга дагы ага катышууга мүмкүнчүлүк бергиле",-дейт Бок.

Inmarsat компаниясынын өкүлү Руперт Пирс сындарга кескин жооп берип, "бул болбогон сөз" деди. Eutelsat ич күйдүлүктөн улам долбоорду сындап жатат. Аларга деле биз сыяктуу эле шарттар менен, бир эле учурда лицензия берилип, аны менен иштей албай, кийин долбоорун сатып жиберген дейт Пирс.

«Алар жөн гана бизге тоскоол болуп жатышат. Алар биздин кишилерге жумуш орундарын түзүп берген, учактарда фантастикалык сапаттагы байланышты камсыздаган мыкты технологиялык долбоорубуз бар экенин билишет",-деп кошумчалады Пирс.

Европалык авиатүйүн ишин башташы үчүн Inmarsat компаниясы Европа бримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөтүнөн уруксат алышы керек. Болгондо да эки жолудан - биринчиси спутник компонентине, экинчиси жердегисине. Inmarsat дээрлик уруксат кагаздарынын баарын алдык деп ишендирүүдө. Алар болгону жердеги компоненти боюнча Германия, Франция жана Британиядан уруксат алышы керек экен.

Inmarsat өкүлдөрү Би-би-си менен маегинде Германия жана Франциядан лицензия алуу алдыдагы жумаларда чечилет деп билдирди. Британиядан эң акыркы болуп уруксат алышат.

Тектеш темалар